Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: жетектөөчү адис
Талаптар:

Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтү  социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна

КОНКУРС       ЖАРЫЯЛАЙТ

Кесиптик билиминин денгээли: 

-  жогорку же болбосо орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү).

Стажы жана иш тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт               

Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,”Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүүсү;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик  жөлөкпулдар  жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Маданият жөнүндө”);

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөрү:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

- командада иштөө.

Билгичтиги:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

Талап кылынуучу документтер:

арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баян (талапкерден соттолбогондугу жөнүндө маалыматты өмүр баянга баянга кошуп жазуу), резюме, сүрөтүн;

- паспортун көчүрмөсүн (паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү  нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча).

 

     Талапкерге тиешелүү документтерди Мырза-Аке айыл өкмөтүнгө жарыя гезитке чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде  тапшырууңуздар зарыл.

Дареги:    Мырза-Аке айыл өкмөтү,  М. Нурбаев. к. №2

Телефондор:          0771 03-11-73,  0770 66-19-17

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-10-26 20:21:57
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00