Вакансиялар Чүй облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Киреше боюнча адиси (салык инспектору) жана башка кызмат ордулары
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын ылайык Чуй облусунун  Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтү бош администрациялык муниципалдык  кызмат ордуна  конкурс жарыялайт:

 

Административдик муниципалдык  кызмат орундарына коюлуучу жалпы талаптар:

Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

  • Кыргыз Республикасынын жараны.
  • Соттуулугу жок.
  • 18 жаштан жашка толгон.
  • Төмөнкүлөрдү билүү:

  кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", мыйзамы, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңешинин 2016-жылдын 19 - августундагы № 43 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этика Кодексин.

 

1.Киреше боюнча адиси (салык инспектору) (М-Б) – 1 кызмат ордуна төмөнкү квалификациялык талаптар:

-жогорку  экономикалык,  финансы, юридикалык   же орто кесиптик билим;

1) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- стажына талап коюлбайт 

2) Кесиптик компетенциясы:

төмөнкү мыйзамдар билүү:

- Кыргыз Республикасынын «Салык кодексин», Кыргыз Республикасынын «Салык эмес төлөмдөр жөнүндө» мыйзамын,

-           кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана  расмий тилди билүү.

Билгичтиги:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу,

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу,

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу,  командада иштөө.

Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу,

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 

Конкурска катышуу  үчүн зарыл болгон документтер:

- бош орунга катышуу боюнча арыз;

- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

 

Документтерди кабыл алуу орду жана убактысы:

Лебединовка айылы,  Жениш проспектиси № 121 б,  кабинет № 1. Тел: 0551180311

Жарыя болгон күндөн баштап 10 жумуш  күндүн ичинде тапшырылат.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-11-20 00:00:00
Дата аягы: 2018-12-03 00:00:00