Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү
Кызмат орду: Башкы адис, адис
Талаптар:

Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү

Кыргыз Республикасынын “Муниципалык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына  ылайык  Жер, турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис, Статист-компьютердик технология боюнча адис ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына сынак жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

Жер, турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис кызмат ордуна

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалаган профилдеги жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- муниципалдык же мамлекеттик кызмат стажы кеминде эки жыл , же болбосо жыйындысында эки жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажы кеминде үч жыл.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Кошумча билүүсү: Кыргыз Республикасынын Турак Жай кодексин, Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому  менен  бекитилген “Кыргыз Республикасында  иш кагаздарды  жүргүзүү  боюнча типтүү  нускаманы, Кыргыз республикасынын “Эмгек  кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиба жөнүндө” мыйзамын. 

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Көндүмдөр:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Ыктуулугу:

- тиешелүү тармактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

Статист-компьютердик технология боюнча адис кызмат ордуна

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай орто кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажысы талап кылынбайт;

  1. Кесиптик компетенциялар:

Кошумча билүү: Кыргыз Республикасынын Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому  менен  бекитилген “Кыргыз Республикасында  иш кагаздарды  жүргүзүү боюнча типтүү  нускаманы, Кыргыз республикасынын  “Эмгек  кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиба жөнүндө” мыйзамын

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Көндүмдөр:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Ыктуулугу:

- тиешелүү тармактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- аттестациялык-сынактык  комиссиянын төºрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды каттоо баракчасы;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- Резюме, өмүр баян

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган  дипломунун көчүрмөсү (нотариустан  же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);   

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан  же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);     

       Документтер Жерге-Тал айыл өкмөтүндө, жарыя чыккандан баштап 15-күнгө чейин  кабыл алынат.  

        Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар:

 03522 6-00-12, 6-00-65.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-02-25 00:00:00
Дата аягы: 2016-03-10 00:00:00