Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: Айыл башчы, бөлүм башчы
Талаптар:

Жумгал  районунун  Түгөл-Сай  айыл аймагынын айыл өкмөтү

 

 

         Кыргыз Республикасынын Президентинин  2006-жылдын  28-июнундагы   №327 –жарлыгына ылайык  бекитилген «Кыргыз  Республикасынын муниципалдык  административдик  кызмат   ордун ээлөө боюнча   конкурс  өткөрүүнүн  тартиби   жөнүндө»  жобосуна   ылайык  айыл өкмөтүнүнтөмөндөгү бош  кызмат  орундарына сынак жарыялайт.

- финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчи;

- айыл башчыcы  (староста)

Түгөл-Сай  айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы - башкы эсепчи ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен жогорку экономикалык тармактагы  билим.

- жашы 18 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

- КыргызРеспубликасынын  мыйзамдарын жана  нормативдик укуктук актыларын

 билиши;

- уюштуруучулук жана документация менен иштөө жөндөмдүүлүгү;

- компьютерде иштей билиши;

- кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөй  жана жаза билиши;

Кесиптик компетенциялар:

Кошумча билүүсү: Кыргыз Республикасынын Жергиликтүүөз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”, “Бюджеттик укуктун негизги принциптери” жана “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдарын;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Көндүмдөр:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин обьективдүү баалоо;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү.

Ыктуулугу:

- тиешелүү тармактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

- башкаруу ишине ыктуулугу (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктантуу жана контролдоо);

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем же жыйындысында эки жылдан кем эмес, же адистиги боюнча үч жылдан кем эмес.

Түгөл-Сай айыл  өкмөтүнүн  айыл башчы (староста)  кызматына  коюлуучу квалификациялык  талаптар.

-муниципалдык кызмат орундарынын багыты боюнча кайра даярдоодон өтүү менен жогорку, атайын орто, орто билими,

-жашы 18 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

-КыргызРеспубликасынын  мыйзамдарын жана  нормативдик укуктук актыларын

 билиши;

-уюштуруучулук жана документация менен иштөө жөндөмдүүлүгү;

-компьютерде иштей билиши;

-кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөй  жана жаза билиши;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- Иш стажы талап кылынбайт.

Кошумча билүү: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенешинин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”, “жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” жана “жайыттар жөнүндө”  мыйзамдары;

Ыктуулугу:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын  кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуулар;

- командада иштөө.

Көндүмдөр:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

-аттестациялык-сынактык  комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

-кадрларды каттоо баракчасы;

-3 х 4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

-Резюме;

-Өмүр баян

-паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

-Билимин тастыктаган  дипломунун көчүрмөсү (нотариустан  же мурунку

иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);   

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан же мурунку иштеген

жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

- КР ИИМнин маалымат борборунан соттуулугу жөнүндө  маалымкат.

          Документтерди кабыл  алуу  жарыя  чыккандан  баштап 14 күнгө  чейин  Жумгал   районунун  Түгөл-Сай   айыл өкмөтүндө  кабыл  алынат. Дареги: Түгөл-Сай  айылы Т.Жээналиев  көчөсү №23.  Сурап  билүү  телефондору:  0779 79 68 63, 0702 39 29 09.

         Жогорудагы кызмат орундарынын функционалдык милдеттери менен таанышуу үчүн (0-779) 79-68-63 телефонуна кайрылыныздар.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-03-02 00:00:00
Дата аягы: 2016-03-16 00:00:00