Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын районунун Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: Инспектор
Талаптар:

Нарын  районунун  Мин-Булак  айыл аймагынын айыл өкмөтү

 

 

 Кыргыз Республикасынын Президентинин  2006-жылдын  28-июнундагы   №327 –жарлыгына ылайык  бекитилген «Кыргыз Республикасынын  муниципалдык  административдик  кызмат   ордун ээлөө боюнча   конкурс  өткөрүүнүн  тартиби   жөнүндө»  жобосуна   ылайык айыл өкмөтүнүн төмөндөгү бош  кызмат  орунуна сынак жарыялайт.

- аскердик учетко алуу столунун инспектору

Коюлуучу квалификациялык  талаптар:

-муниципалдык кызмат орундарынын багыты боюнча кайра даярдоодон өтүү менен жогорку, атайын орто, орто билими,

-жашы 18 жаштан  кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

-КыргызРеспубликасынын  мыйзамдарын жана  нормативдик укуктук актыларын билиши;

-уюштуруучулук жана документация менен иштөө жөндөмдүүлүгү;

-компьютерде иштей билиши;

-кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөй  жана жаза билиши

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- Иш стажы талап кылынбайт.

Кошумча билүү: Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” жана  “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзамдарын;

Ыктуулугу:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын  кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо

- мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуулар;

- командада иштөө.

Көндүмдөр:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

-аттестациялык-сынактык  комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

-кадрларды каттоо баракчасы;

-3 х 4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

-Резюме;

-Өмүр баян

-паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

-Билимин тастыктаган  дипломунун көчүрмөсү (нотариустан  же мурунку

иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);   

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан же мурунку иштеген

жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

           Документтерди кабыл  алуу  жарыя  чыккандан  баштап 14 күнгө  чейин  Нарын   районунун  Мин-Булак   айыл өкмөтүндө  кабыл  алынат. Дареги: Куйбышев  айылы Насип ата  көчөсү №44.  Сурап  билүү  телефондору:  03522 6-05-69.

          Жогорудагы кызмат орундун функционалдык милдеттери менен таанышуу үчүн (0-3522) 5-05-69 телефонуна кайрылыныздар.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-03-02 00:00:00
Дата аягы: 2016-03-16 00:00:00