Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Адис (иш жүргүүзүчү)
Талаптар:
  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

    - жогорку билим же кесиптик орто билим.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

           - төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо, тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдону, кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу, командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу

 

4.Функционалдык милдеттери:

Кат-кабарларды,арыздарды  документтин аткаруучусуна өткөрүп берүүнү жүргүзүү, документтерди каттоого, көбөйтүүгө жана алардын айыл өкмөтүндө жана жергиликтүү кеңеште кыдыртылышына жана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, айыл Өкмотүндө катталган арыздардын жана каттардын аткаруучу тарабынан өз мөөнөтүндө аткарууга алынып,арыз ээлерине же жогорку органдарына өз мөөнөтүндө берилүүсүн камсыз кылуу, аткаруучуга эскертмелерди даярдап берүү, документтерди аткаруу маселелери жана аткарылбай,мөөнөтү өтүп кеткендиги боюнча  айыл өкмөтүнүн башчысы үчүн маалымат даярдоо, иштердин номенклатурасын жана башка документтерди жүргүзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын жана жооптуу катчынын башка тапшырмаларын аткаруу

 

Талап кылынуучу документтер:

-Өздүк арызы,

-Кадрларды каттоого алуу барагы (4х6)сүрөтү менен,

-Резюмеси,паспорт же өздүгүн тастыктаган документ,

-Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариустан же иштеген жеринен тастыкталган),

-Эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариустан же иштеген жеринен  тастыкталган),

-Өмүр баяны (соттуулугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен).

 

           Сынакка катышуу үчүн документтер Могол айыл өкмөтүнө төмөнкү дарекке тапшырылат:   Базар-Коргон району,  Ооган-Талаа айылы,  Н.Укубаев көчөсү №16

Байланыш  телефону: (03736) 6-00-26, 0773-919-185

              Сынакка документтерди тапшыруу жарыяланган күндөн  баштап 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.          

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-12-11 00:00:00
Дата аягы: 2018-12-24 00:00:00