Вакансиялар Мамлекеттик органдардын
борбордук аппаратында

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Бишкек шаардык кенеши
Бөлүм: Уюштуруу иши бөлүмү
Кызмат орду: Коомчулук менен иштөө боюнча башкы адиси (басма сөз - катчы) (С-Б)
Талаптар:

 

Бишкек шаардык кеңеш Бишкек шаардык кеңештин аппаратындагы төмөнкү бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт:

 

Уюштуруу иши бөлүмүнүн коомчулук менен иштөө боюнча башкы адиси  (басма сөз - катчы) (С-Б) – 1 бирдик.

Кесиптик билим деңгээли:

- кандай болбосун профилдеги жогорку билим;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

 - жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
  • “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
  • «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
  • “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
  • Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин регламентин;
  • мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодексин.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү зарыл.

Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

жарыялоо үчүн маалымат издөө, талдоо жана иштеп чыгуу;

статьяларды, жаңылыктарды, пресс-релиздерди жазуу.

Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

ЖМКлар менен  иш тажрыйбасы;

мамлекеттик уюмдардын ишин чагылдыруу жаатында иш тажрыйбасы;

жаңылыктарга мониторинг жүргүзүү;

сайттарды башкаруу тутуму менен иштөө;

фото жана көрмө материалдар менен иштөө.

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды (Windows,Word,Excel,Power,Point, “Токтом Мамлекет Про” маалыматтык-укуктук системаны) жана ишти жакшыртуунун жаңы технологиялары жана ыкмалары жөнүндө маалыматтарды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер кабыл алынат:

  • бош орунду көрсөтүү менен өздүк арыз;
  • 3-4 өлчөмүндөгү сүрөт менен кадр учету бою боюнча өздүк барак жана таржымал;
  • нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража, илимий наам ыйгаруу тууралуу дипломдун көчүрмөсү;
  • нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын аныктаган документтин түпнускасы, конкурска документтерди берүүдө, тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • мурунку иштеген жеринен сунуш кат.

 

Документтер 2018-жылдын 11-декабрынан тартып 24-декабрын кошуп алганга чейин, (дем алыш күндөрүнөн тышкары), саат 9.00дөн 18.00гө чейин  (тыныгуу убактысы 12.00дон 13.00го чейин) Бишкек шаардык кеңешинин  дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси 166, 214 кабинетте  кабыл алынат. Сурап билүү телефону 62-26-27.

Эскертүү: Конкурска мындан ары катышуу үчүн коюулган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүүсү зарыл.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-12-11 00:00:00
Дата аягы: 2018-12-24 00:00:00