Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы
Бөлүм: Токой экосистемалары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана аңчылык ресурстары бөлүмү
Кызмат орду: Жетектөөчү адис (шт.бир.)
Талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- экология жана жаратылышты пайдалануу, токой чарба жана анчылык чарбасы, биология тармактары боюнча жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын жалпы Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Токой кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик кодекси,    Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, "Экологиялык экспертиза  жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу”, “Биосфералык аймактар тууралуу ” мыйзамдарын,

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү, башка билимдери;

Билгичтиги:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- командада иштөө;

Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

- токой чарба жана жаратылышты коргоо чөйрөсүндө иш алып баруу;

ТЭӨКЖАж-аАР бөлүмүнүн жетектөөчү  адисинин

кызматтык милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

- жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;

- кызматтык этика ченемдерин сактоо;

- мамлекеттик органда ички эмгек тартибинин, кызматтык нускамалардын эрежелерин, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын деңгээлин сактоо;

- ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

- өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана кеңеш берүү;

- отчетторду түзүү;

- өз компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- баш ийген мамлекеттик жарандык кызматчыларда жана муниципалдык кызматчыларда жеке кызыкчылыгынын пайда болушунун алдын алуу же ведомстволук түзүмдүк бөлүмчөдө мамлекеттик жарандык жана кызматта таламдардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү;

- жогору турган адамдардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;

- башкармалыктын аймагындагы токой чарбалардын, өз алдынча токойчулуктардын мамлекеттик токой фондусунун жерлерининдеги, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана жаратылыш парктарынын  жерлерининдеги токойду мыйзамсыз кыюучуларга чара көрүү, өрт коопсуздугун сактоо жана токойду зыянкечтерден коргоо жана сактоо боюнча жумуштарынын аткарылышын, тийиштүү иш кагаздарынын өз убагында толтурулушун токой чарбаларда, өз алдынча токойчулуктарда жана мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана жаратылыш парктарынын  аймактарында көзөмөлдөйт;

 -  өрт коопсуздугун сактоо иш-чараларын (МОП) ар жылы райондук мамлекеттик администрациялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн аппараты жана Мамлекеттик өрт коопсуздугу боюнча башкармалыгы менен макулдашып түзүлүшүн, башкармалыктын аймагындагы токой чарбаларда, өз алдынча токойчулуктарда, мамлекеттик жаратылыш коруктарында  жана  жаратылыш парктары боюнча көзөмөлдөйт;

-  башкармалыкта өрт өчүрүүчү топту түзүп, топту тиешелүү шаймандары  менен жетектейт;

- өрт коопсуздугунан сактоо, токойду зыянкечтерден коргоо жана сактоо жана биотехникалык  жумуштарынын аткарылышы боюнча статистикалык отчетторду, форма №10-лх жана тактамаларын токой чарбалардан, өз алдынча токойчулуктардан, мамлекеттик  жаратылыш коруктарынан жана  жаратылыш парктарынан кабыл алат жана  Департаментке жана башка тийиштүү жогорку органдарга мыйзам чегинде отчет берүү үчүн даярдайт;

- мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана жаратылыш парктарынын иш жүргүзүүсүн көзөмөлдөйт. Алардын жасаган иштери боюнча кварталдык, жылдык  отчетторун кабыл алып, жыйынтыктоочу отчетту Департаментке тапшырууга даярдайт;

- башкармалыктын башчысы, орун басары, бөлүм башчысы тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууга милдеттүү.

 

Талап кылынуучу документтер:

- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

Документтерди кабыл алуу жарыя ММКда чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 9-00 дөн 18-00 гө чейин кабыл алынат.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, Б. Осмонов көчөсү 130, 

Тел.: (03722) 4-05-11, 4-08-30, (0779) 201 588

Сынак өткөрүү орду жана убактысы кошумча билдирилет.

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-12-31 00:00:00
Дата аягы: 2019-01-10 00:00:00