Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Жетектөөчү адис (экономист-статист) - 1 штаттык бирдик
Талаптар:

1.Кесиптик билим деңгээли:

Экономикалык, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика багытындагы жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим.

 

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

 - иш стажына талап коюлбайт.

 

3.Кесиптик компетенциясы:

-Төмөнкүлөрдү билүүсү:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» мыйзамы.

 

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү  чөйрөдөгү  ата  мекендик  жана  чет  өлкөлүк  тажрыйбаны  талдоо  жана  аны

практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштее жана аларды практикада колдонуу

 

  4.Функционалдык  милдеттери:

  • Алдыдагы жылга жана орто мөөнөттүү (3 жылга) келечекке аймакты социалдык экономикалык өнүктүрүү программасын түзүү үчүн баштапкы маалыматтарды даярдоого
  • Экономикалык болжолдоо көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө, ошондой эле жергиликтүү коомдоштуктун аймагында жайгашкан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иштеринин өндүрүштүк жана техника – экономикалык көрсөткүчтөрүнүн эсебин жүргүзүүгө жана белгиленген мөөнөттөрдө айыл өкмөтүнө  жана статистика органдарына, аймактык социалдык – экономикалык өнүгүшүү тууралуу маалымат берүүгө:
  • Алынган маалыматтардын тууралыгын, аларды өткөн мезгилдеги маалыматтар менен айрым топтор жана бөүмчөлөр боюнча салыштыруучулугун текшерүү жүргүзүүгө:

 -   Айыл  өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча индикативдик планын  түзүп бекитүү.

  • Айыл өкмөтүнүн  штаттык бирдиктери, тарификациясынын  туура түзүлүшүн камсыз кылууга
  • Эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү боюнча туура эсептелишин камсыз кылууга
  • Дебитордук, кредитордук карыздар боюнча мекемелер менен ай сайын эсептешип, акт сверка түзүүгө
  • Стат, соц фонд, п/налог боюнча отчетторду ай сайын өз убагында берүүгө
  • Айыл өкмөтүнүн статьялары боюнча порталга жайгаштырып,тендерди өткөрүүгө
  • Айыл өкмөтүнүн ФЭБ боюнча электрондук отчеттуулукту камсыз кылууга жана аткарууга
  • Айыл өкмөтүнө караштуу бардык соц объектилери  боюнча электро энергиясын лимиттен       ашыкча  пайдаланууга жол бербөөгө, РЭС,телеком мекемелери  менен ай сайын эсептешип турууга.

 

  Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу иш кагаздар: жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3х4 өлчөмүндө 2 даана сүрөт, паспорттун көчүрмөсү, билими тууралуу документтин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн), өмүр баян (соттолгондугу/соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен).

 Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  чыккан  күндөн  тартып  10 жумуш күн  ичинде  төмөндөгү  дарек  боюнча  жүргүзүлөт:

Казарман  айылы.Т.Кожалиев  көчөсү 54.  Телефондор 6-00-06,5-04-52,5-04-51.

 

Эскертүү:  Квалификациялык  талаптарга  жооп  берген  талапкерлерге  конкурстун  өтө  турган  күнү  кошумча  маалымдалат.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-01-15 00:00:00
Дата аягы: 2019-01-28 00:00:00