Вакансиялар Баткен облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо”мамлекеттик агентигинин Баткен облустук бөлүмүнө мамлекеттик административдик кызмат орунга кайрадан ачык конкурс жарыялайт.
Бөлүм: Сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агентигинин Баткен облустук бөлүмү
Кызмат орду: Жетектөөчү адис - 1 (бир) орун.
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо”мамлекеттик агентигинин Баткен облустук бөлүмүнүн төмөнкү кызмат ордуна:

-          Жетектөөчү адис - 1 (бир) орун.

1.Мамлекеттик  административдик бош кызмат орунга карата коюлган  квалификациялык талаптар;

-          Билими  жогорку кесиптик  (төмөнкү багыттар боюнча:  гидротехник,  гидромелиорация, гидротехникалык –курулуш,  архитектура жана  курулуш ):

-          Мамлекеттик  кызматта  бир  жылдык иш стажы болушу абзел:

-          Компьютерде Word. Excel.Internet. AutoCAD программаларында иштей билүүсү:

-          Сметалык долбоордук документерди, чиймелерди, сметаларды түзө билүүсү:

-          Коргоо тосмолордун курулуш иштеринин  калькуляциясын түзө билүүсү:

-           Кыргыз Республикасынын  Конституциясы,Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат”жөнүндө мыйзамдарды,

-          Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

Кыргыз  республикасынын  мыйзамдарынын жана нормативдик актылары менен иштей билүүсү;

-          Эмгек жаматы менен биргеликте иштөөсү:

-          Өз алдынча   иш кагаздары менен иштей билүүсү;

2.Кызматтык  милдеттери:

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо,

-Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана аларга консультация берүү

-Жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогорку турган адамдардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында  сапаттуу аткаруу.

3.Конкурска  катышууга керектүү документтердин тизмеси;

 

-          дипломдун көчүрмөсү –(нотариялдык каттоосу менен)

-          конкурска катышууга арыз

-          өмүр баян

-          сүрөт 4х6 4(төрт) даана

-          эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык каттоосу менен)

-          паспорттун көчүрмөсү, жеке номери

-          өздүк барак (личный листок по учет кадров)

-          соттолбогондугу туралуу справка

4.Документтерди кабыл алуучу жайдын орду жана кабыл алуу мөөнөтү.

 Дареги: Баткен облусу Баткен шаары С. Садыков көчөсү №95 КР ӨКМнин Баткен

облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо”мамлекеттик агентигинин бөлүмү

                    2015-жылдын  29- июндун саат 12.00 чейин кабыл алынат.

5.Мамлекеттик административдик бош кызмат орунуна конкурс өткөрүлүүчү жай:

-          Тест, КР Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым өкүлүнүн  аппаратынын  имаратынын 2-кабатында Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик кадр кызматынынтестирлөө борборунун Баткендеги филиалы тарабынан  өткөрүлөт.

Конкурстун калган бөлүгү КР ӨКМнин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агентигинин Баткен облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүндө өткөрүлөт.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2015-06-08 00:00:00
Дата аягы: 2015-06-29 00:00:00