Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык муниципалдык кызматтын жаштар иштери боюнча бөлүм башчы бош административдик муниципалдык кызмат орунуна
Бөлүм: Мэрия
Кызмат орду: Бөлүм башчы
Талаптар:

Жалал-Абад шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык муниципалдык кызматтын жаштар иштери боюнча бөлүм башчы бош административдик муниципалдык кызмат орунуна

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 

-                   Бөлүм башчы административдик муниципалдык кызмат орунуна төмөндөгү квалификациялык талаптар белгиленет.

-                   18 жаштан жогору 28 жаштан ашпаган (мүмкүн болсо);

Кесиптик билимдин деңгээли:

-                   муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалаган профилдеги жогорку кесиптик билими бар.

  Иш стажы жана тажрыйбасы:

-                   муниципалдык же мамлекеттик кызмат стажы кеминде эки жыл, же болбосо жыйындысында эки жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажы кеминде үч жыл;

Кесиптик компетенциялар:

Билими:

-                   жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

-                   кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилдерди билүү;

Көндүмдөр:

-                   маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

-                   жаштар менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

-                   аналитикалык документтерди талдоо;

-                   кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

-                   жаштар үчүн маданий иш-чаларды уюштуруу жана өткөрүү;

 

Иш милдеттери:

-жогорку органдарынан чыккан токтомдорду, буйруктарды, иш-чараларды аткаруу;

-жылдык план түзүү жана анны өз убагында аткаруу;

-жогорку органдардан суралган отчетторду жана маалыматтарды өз убагында жөнөтүү;

-жыйындарды уюштуруу;

 

Талап кылынуучу иш кагаздары:

-                   конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;

-                   кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;

-                   билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);

-                   паспорттун көчүрмөсү;

-                   эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);

-                   өмүр баяны;

-                   4*6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;

-                   ден соолугу тууралуу тактама (№ 086);

-                   соттолбогондугу тууралуу тактама (тактама алынган мөөнөтү 3 айдан ашпоосу заарыл);

-                   квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккандан баштап 14 күн ичинде кабыл алынарын эскертебиз.

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат.

Сынак өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет.  Сурап билүү телефондору: (03722) 2-30-93.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-02-26 00:00:00
Дата аягы: 2016-03-11 00:00:00