Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтү административтик муниципиалдык бош кызмат орунуна КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: Айыл башчы
Талаптар:

Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтү административтик муниципиалдык бош кызмат орунуна  КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

 

Ак-Булак айылынын башчысы -1 штаттык бирдик


КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР :

  • Муниципиалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен орто кесиптик билим
  • Стажына талап коюлбайт
  • КР Конституциясын жана КР мыйзамдарын билиши
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди өздөштүрүшү
  • Командада иштөө
  • Компьютер жана оргтехникада иштөөсү


ФУНКЦИОНАЛДЫК МИЛДЕТТЕРИ:

- ыктыярдуулук  принцибинде жергиликтүү  калкты айылдын  турмуш-тиричилигин камсыз кылуу системасын өнүктүрүүгө, аймакты өнүктүрүүдө маданий  багыттагы  объектилерге  ремонттоо-калыбына келтирүү иштерин  уюштурууга багытталган мобилизациялоону жүргүзүүгө;

- жарандарды аймактарды өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга, тартууга, айылдын социалдык-экономикалык    абалын    жакшыртууга    багытталган    калктын демилгелерине колдоо көрсөтүүгө;

- аймактагы   иштердин   учурдагы   абалы,   кечиктирилбей   чечилиши   керек   болгон социалдык-экономикалык    проблемалар    менен    байланышкан    айыл    тургундарынын жыйналыштарын жана жыйындарын уюштурууга;

- аймакта  иштердин  учурдагы   абалы  жөнүндө  айыл  калкынын   коомдук  пикирин изилдөөгө, болгон жагдайларды жакшыртууга багытталган сунуштарды жалпылоого жана. кенештин сессиясына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына киргизүүгө; ж.б.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: арыз, ID паспорт көчүрмөсү, КР маалымат борборунан соттуулугу тууралуу тактама, 2 даана 3х4 өлчөмүндө фотосүрөт, резюме, диплом көчүрмөсү жана эмгек китепчесинен көчүрмө (нотариалдык тастыкталган), кадрларды эсепке алуу баракчасы

Конкурс Кыргыз Республикасындагы “Муниципиалдык кызмат жөнүндөгү Мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.

Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 14 күнгө чейин төмөндөгү дареке тапшыруу керек:

Сузак району, Кызыл-Туу айыл өкмөтү, Мундуз айылы, С.Досуев көчөсү 11, сурап билүү үчүн телефон   03722 7-77-13, E-mail: k_tuu@mail.ru

КОНКУРС ӨТКӨРҮҮ ЖЕРИ ЖАНА УБАКТЫСЫ КОШУМЧА БИЛДИРИЛЕТ.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-02-22 00:00:00
Дата аягы: 2016-03-07 00:00:00