Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад шаарынын мэриясы
Бөлүм: Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин санитардык-экологиялык инспекциясы
Кызмат орду: Башкы адис
Талаптар:

Жалал-Абад шаарынын мэриясы бош административдик муниципалдык кызмат орунуна сынак жарыялайт

- Мэриянын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү  департаментинин санитардык-экологиялык инспекциясынын башкы адиси (1 шт. бирдик)

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

   Кесиптик билимдин деңгээли: финансы-экономика, юридикалык жана социалдык-экологиялык жогорку билими бар.

  Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  Билими:

  • жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилдерди билүү;

   Көндүмдөр:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
  • ишти натыйжалуу пландоо;
  • аналитикалык документтерди талдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 

ИШ МИЛДЕТТЕРИ:

-шаардын санитардык экологиялык абалын көзөмолдөө, сактоо;

-шаар аймагында жүргүзүлгөн ишембиликти көзөмөлдөө жана таштандыларды тазалатуу;

-шаардын аймагындагы баш-аламан чачкын түрдө жүргүзүлгөн ишин иретке келтирүү  (базарларга киргизүү)

-шаардагы жайгашкан арык, канал ирригация системасын санитардык экологиялык абалын сактоо таштандыларды төктүрбөө жана көзөмөлдөө.

 

 ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
  • билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • өмүр баяны;
  • 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
  • ден соолугу тууралуу тактама (№ 086);
  • соттолбогондугу тууралуу тактама (тактама алынган мөөнөтү 6 айдан ашпоосу зарыл);
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

 

            Документтерди кабыл алуу жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан күндөн баштап 14 күн ичинде кабыл алынат.

  Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат.

  

 Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет. Сурап билүү телефондору: (03722) 2-30-93.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-07-18 08:30:00
Дата аягы: 2016-07-31 17:30:00