Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад шаарынын мэриясы
Бөлүм: Жергиликтүү салыктар жана төлөмдөрдү жыйноо башкармалыгы
Кызмат орду: Башкы адис, жетектөөчү адис
Талаптар:

Жалал-Абад шаарынын мэриясы жергиликтүү салыктар жана төлөмдөрдү жыйноо башкармалыгынын бош административдик муниципалдык кызмат орунуна сынак жарыялайт

 

  • уюштуруу иштери жана анализ жүргүзүү бөлүмүнүн эсепке алуу жана анализ жүргүзүү боюнча башкы адиси (1 шт. бирдик);
  • рейддик көзөмөл жана патентти узартуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  (1  шт. бирдик).

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 Кесиптик билимдин деңгээли:

- башкы адис кызмат оордуна: финансылык, экономикалык жогорку билим.

- жетектөөчү адис кызмат орунуна: финансылык, экономикалык жогорку же болбосо орто кесиптик билим.

 Иш стажы жана тажрыйбасы:

Башкы адис кызмат ордуна: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Жетектөөчү адис кызмат ордуна: стаж талап кылынбайт.

 Билими:

  • жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилдерди билүү;

 Көндүмдөр:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
  • ишти натыйжалуу пландоо;
  • аналитикалык документтерди талдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 Иш милдеттери:

Уюштуруу иштери жана анализ жүргүзүү бөлүмүнүн эсепке алуу жана анализ жүргүзүү боюнча башкы адиси: салыктардын бардык түрүнөн жергиликтүү бюджетке төлөнгөн  күнүмдүк жыйымдар боюнча маалыматы ар түрдүү анализдерди даярдоо;

 Рейддик көзөмөл жана патентти узартуу бөлүмүнүн  жетектөөчү адиси: жайгашкан участкаларды  кыдыруу, ишкердик ишмердүүлүгүн патенттин негизинде жүргүзгөн  салыкчылардын салык төлөмдөрүн төлөөсү боюнча жумалык жана айлык отчетторун даярдоо;

 Талап кылынуучу иш кагаздары:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
  • билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • өмүр баяны;
  • 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
  • ден соолугу тууралуу тактама (№ 086);
  • соттолбогондугу тууралуу тактама (тактама алынган мөөнөтү 6 айдан ашпоосу зарыл);
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

             Документтерди кабыл алуу жарыя чыккандан баштап 14 күн ичинде кабыл алынарын эскертебиз.

 Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат.

 Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет. Сурап билүү телефондору: (03722) 2-30-93.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-07-18 08:30:00
Дата аягы: 2016-07-31 17:30:00