Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад шаарынын мэриясы
Бөлүм: Cоциалдык өнүгүү бөлүмү
Кызмат орду: Башкы адис
Талаптар:

Жалал-Абад шаарынын мэриясы бош административдик муниципалдык кызмат орунуна сынак жарыялайт

 -социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси (1 шт. бирдик)

 КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 Кесиптик билимдин деңгээли: социалдык, гуманитардык-педагогикалык жогорку билим

  Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

  Билими:

  • жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилдерди билүү;

   Көндүмдөр:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
  • ишти натыйжалуу пландоо;
  • аналитикалык документтерди талдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 ИШ МИЛДЕТТЕРИ:

  • Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын түздөн-түз жетекчилигинин алдында иш алып барат;
  • жүктөлгөн милдеттердин өз убагында аткарылуусу үчүн жеке жоопкерчиликти алат, кызматтык дициплинаны сактайт;
  • шаарды өнүктүрүүдөгү социалдык суроолор боюнча жана мэриянын Аткаруу Коммитетинин отурумдарында кароо үчүн материалдарды даярдайт;
  • токтом жана буйруктарды даярдайт, жана алардын аткарылышын камсыздайт;
  • көзөмөлдөгү тармактардын келечекте өнүгүшү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
  • аткарылган иштер боюнча отчётторду даярдайт, тиешелүү органдарга бекитилген формада тапшырат, отчёттук маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчиликти алат;
  • мэрияга келип түшкөн каттарды жана жарандардын оозеки кайрылууларын карайт жана аларды аткаруу боюнча чараларды көрөт;
  • жогорку органдарга жазуу түрүндөгү каттардын жоопторун даярдайт;
  • шаарда гендердик теңчиликтин сакталышы боюнча чараларды турмушка ашырат;
  • диний мамилелер боюнча иштерди көзөмөлдөйт жана таанышып, карап чыгат;
  • саламаттыкты сактоо тармагынын ишин көзөмөлдөйт;
  • санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык, фитосанитардык көзөмөлдүн уюштурулушу боюнча иш-чараларды көзөмөлдөйт;
  • шаардык архив иштерин жана почта кызматтарын көзөмөлдөйт;
  • майрамдык салтанаттарды даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт;
  • этикалык ченемдерди сактоого милдеттүү;
  • Мыйзам менен корголгон мамлекеттик, кызматтык сырларды сактоого милдеттүү;

 ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАР:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
  • билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • өмүр баяны;
  • 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
  • ден соолугу тууралуу тактама (№ 086);
  • соттолбогондугу тууралуу тактама (тактама алынган мөөнөтү 6 айдан ашпоосу зарыл);
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

             Документтерди кабыл алуу жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккандан баштап 14 күн ичинде кабыл алынат.

  Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат.

 Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет. Сурап билүү телефондору: (03722) 2-30-93.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-07-18 08:30:00
Дата аягы: 2016-07-31 17:30:00