Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ноокат району Гулистан айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Cалык маселелери боюнча башкы адис, Жетектөөчү адис, инспектор.
Талаптар:

 

       Ноокат району Гулистан  айыл өкмөтү төмөндөгү  үч бош муниципалдык  кызмат орундарына конкурс жарыялоонун шарттарын макулдашуу учун жөнөтөт.

 

К О Н К У Р С   Ж А Р Ы Я Л А Й Т !

 

Ноокат району Гулистан    айыл өкмөтүндөгү муниципалдык кызматтын төмөндөгү үч  бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт.

 

Айыл өкмөтүнүн  - салык маселелери боюнча башкы адисинын   кызматына 1-штаттык бирдик.

 

 

Квалификациялык талаптар:

 

  1. Толук жогорку кесиптик билим (юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү).
  2. Мамлекеттик жана / же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 (бир) жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 (үч) жылдан кем эмес эмгек стажы.
  3. Компьютерде иштей билүүсү жана калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү жөндөмдүүлүгү.

 

Иш милдеттери:

  1. маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;
  2. калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);
  3. аналитикалык документтерди талдоо;
  4. кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 

Ыктуулугу:

  1. тиешелүү тармактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;
  2. аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  3. мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
  4. мамлекеттик жана/же расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;
  5. компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

 

Жетектөөчү адис – жер маселелери боюнча жетектөөчү адисинын   кызматына 1-штаттык бирдик.

 

 

Квалификациялык талаптар:

 

  1. Жогорку же болбосо орто кесиптик билим.
  2. Иш стажына талап коюлбайт.
  3. Компьютерде иштей билүүсү жана калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү жөндөмдүүлүгү.

 

Иш милдеттери:

  1. жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  2. кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;
  3. жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;
  4. мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
  5. командада иштөө.

 

 

Айыл өкмөтүнүн аскердик эсепке алуу столунун инспектору 1-штаттык бирдик.

 

Квалификациялык талаптар:

 

  1. Жогорку же болбосо орто кесиптик билим.
  2. Иш стажына талап коюлбайт.
  3. Компьютерде иштей билүүсү жана калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү жөндөмдүүлүгү.

 

Иш милдеттери:

 

  1. жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу
  2. кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;
  3. жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;
  4. мамлекеттик же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
  5. командада иштөө.

 

              Конкурска катышуучулар учун талап кылынуучу документтер:

 

  • Конкурстук комиссиянын атына жазылган арыз;
  • Өздүк каттоо баракчасы;
  • Дипломдун көчүрмөсү ( мамлекеттик нотариус аркылуу күбөлөнтүрүүлгөн);
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( мамлекеттик нотариус аркылуу күбөлөнтүрүүлгөн);
  • Паспортунун көчүрмөсү;
  • Резюме;
  • Өмүр баян (бардыгы бир делодо тигилген болушу керек).
  • Соттолбогондугу тууралу аныктама( Облустук ички иштер башкармалыгынан)

 

Конкурска катышуучулардын документтери жарыя гезитке чыккан күндүн баштап эки жума аралыгында Гулистан  айыл өкмөтүнүн админстративдык имаратында, жооптуу катчынын бөлмөсүндө кабыл алынат.

 

Сурап билүү телефондору: 

                        Тел: (0-3230) 5-14-82, 5-14-78   03230 5 03 29; +996 552 413 050

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-08-09 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00