Вакансиялар Талас облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын негизинде төмөндөгү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялайт:
Бөлүм: 1. «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, улгайган жарандарга жана жашаган жери аныкталбаган адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү» сектору
Кызмат орду: жетектөөчү адис
Талаптар:
  1. «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, улгайган жарандарга жана жашаган жери аныкталбаган адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү» секторунун жетектөөчү адисинин бош кызмат ордуна – бир орун

 

Кызматтык милдеттери:

Үйүндө тейлөөгө муктаж болгон улгайган жарандарды,  ДМЧА жана  социалдык жардамга муктаж үй – жайсыз жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү.

 

  • Квалификациялык талаптары:
  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, 21-жаштан жаш болбогон;
  • -соттолбогон;
  • Жогорку билим: экономикалык жана финансалык
  • -мыйзамдарда каралган учурларда кызматчы ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө зарыл;
  • Компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word, Excel)
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ченемдик укуктук актыларын билүүсү зарыл.

 

  1. 2. «Финансалык эсеп жана отчеттуулук» секторунун жетектөөчү адисинин бош

     кызмат  ордуна – бир орун.

 

Кызматтык милдеттери:

 

Башкармалыктын бухгалтердик – финансалык иштерин жүргүзүү.

 

Квалификациялык талаптары:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, 21-жаштан жаш болбогон;
  • соттолбогон;

      -  Жогорку билим: экономикалык жана финансалык

      -  Компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word, Excel)

      -  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ченемдик укуктук актыларын билүүсү зарыл.

 

  1. «Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо» бөлүмүнүн башкы адисинин бош кызмат ордуна – бир орун.

 

Кызматтык милдеттери:

Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй – бүлөлөр  жана  балдар менен иш алып баруу.

 

Квалификациялык талаптары:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, 21-жаштан жаш болбогон;
  • соттолбогон

      -  Жогорку билим: экономикалык жана финансалык;

      -  Компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word, Excel);

       - Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

     - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ченемдик укуктук актыларын билүүсү зарыл.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди башкармалыктын Аттестациялык- сынактык комиссиясына тапшыруу керек:

 

  1. Кадрлар боюнча өздүк баракча;
  2. Бош кызмат оруну көрсөтүлүп жазылган өз арызы;
  3. Эки сүрөт 4 х 6;
  4. Паспорттун көчүрмөсү;
  5. Билимин тастыктаган документтин көчүрмөсү, эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус аркылуу же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн).

 

 

Сынакка катышуу үчүн тиешелүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 14 күндүн ичинде тапшыруу керек.

Конкурстук комиссия талапкерлердин документтерин ар бир жумушчу күнү саат                9.00 дон 17.00 го чейин кабыл алат.

 

Дареги: Манас району, Покровка айылы, К. Жаманкулов көчөсү 123, Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы.

Маалымат алуу телефону: (03459) 2-28-58.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-08-01 00:00:00
Дата аягы: 2016-08-15 00:00:00