Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү
Бөлүм:
Кызмат орду: башкы адис (1 орун), ж.б.
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү бош жумушчу орунга конкурс  жарыялайт:

  1. Жалал-Абад облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн башкы адиси  (1 орун).

Квалификациялык талап :

  • Кыргыз Республикасынын жараны, 21 жаштан жогору
  • Жогорку кесиптик билими (инженер-куруучу, инженер-гидротехник, өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча адис; куруучу жана гидротехник кесиптиктерге артыкчылык берилет); эмгек стажы  мамлекеттик  жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө    3 жылдан кем эмес иш стажы;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү;
  • Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөө;
  • Компьютердик техниканы билүүсү шарт (Microsoft World, Microsoft Excel, Internet);
  • Гидротехникалык курулуш тармагындагы тажрыйбасы;
  • Жээк коргоочу курулмаларды эксплуатациялоо;
  • Тосмолордун деформациясын  аныктоо ыкмалары , топографиялык сьемкаларды жасай билүү;
  • КР ӨКМ туралуу 20-февраль 2012-жылдагы № 115 КР токтомун, СНиП 1У-5-82 бөлүгү 1У Гл.5, Госстрой КР РДС-12-04;2007 Гл.3 п.3.1-3.15, Госстрой НИР-2000, баалардын прейскурантын тиркеме № 1  билүү керек.

Функционалдык  милдети:

  • Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу
  • Чийме чийүү, долбоордук-сметалык документтердин сметасын түзүү;
  • Курулуштагы экономикалык маселелерди, сметалык-финансалык эсеб-кысабтарды, калькуляцияларды жана сметаларды түзүүнү билүү;
  • Суу ташкындарын кырсыксыз өткөрүү боюнча биринчи кезекте өткөрүлүүчү иш-чаралардын тизмесин иштеп чыгуу;
  • Капиталдык, күндөлүк, авариялык калыбына келтирүү жумуштарынын аткарылгандыгына (айлык, кварталдык, жылдык отчеттор, эсеб-кысабы жана графиги менен) анализ даярдоо;
  • Нормативдик-укуктук актылар менен иштөөнү жана аларды тажрыйбада колдонууну билүү;
  • Курулуштагы жумуштардын негизги түрлөрүнө калькуляция түзүүнү билүү
  • Геодезиялык аспаптар менен иштөө.

 

  1. Жалал-Абад облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн Ноокен   району боюнча жетектөөчү   адис (1 орун),

                                              Сузак району боюнча жетектөөчү адис (1 орун).

 

Квалификациялык талаптар :

  • Кыргыз Республикасынын жараны, 21 жаштан жогору
  • Жогорку кесиптик билими (инженер-куруучу, инженер-гидротехник, өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча адис); иш  стажына   талаптар коюлбайт;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү;
  • Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөө;
  • Компьютердик техниканы билүүсү шарт (Microsoft World. Microsoft Excel Internet);
  • Гидротехникалык курулуш тармагындагы тажрыйбасы;
  • Жээк коргоочу курулмаларды эксплуатациялоо;
  • Тосмолордун деформациясын  аныктоо ыкмалары , топографиялык сьемкаларды жасай билүү;
  • КРдин ӨКМ тууралуу 20-февраль 2012-жылдагы № 115-токтомун, СНиП.1У-5-82 бөлүгү1У Гл.5, Госстрой КР РДС-12-04, 2007 Гл.3 п.3.1-3.15, Госстрой НИР-2000, баалардын прейскурантын тиркеме № 1ди билүү керек

 

Функционалдык  милдеттер:

  • Ай сайын коргоочу курулмалардын техникалык абалына көзөмөл жүргүзүү;
  • Курулмаларга көзөмөл жүргүзүү, байкоо журналын алып баруу, кварталда инструменталдык текшерүү жана алардын жыйынтыгын облустук бөлүмгө тапшыруу;
  • Курулуш жумуштарынын сапатына көзөмөл жүргүзүү;
  • Тосмонун тулкунда жаралган деформациялардын пайда болушунун себептерин аныктоо жана аларды жоюу боюнча конкреттүү чараларды колдонуу;
  • Турак жайларга жана айыл-чарба жерлерине суу ташкындары коркунуч жаратуучу чендерди аныктоо жана аларды изилдөө;
  • Оңдоп калыбына келтирүү жумуштарына техникалык көзөмөл жүргүзүү.

Сынакка  катышуу үчүн негизги документтер:

  • Бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз;
  • Кадрларды эсепке алуу боюнча баракча сүрөтү (4х6) менен;
  • Өмүр баяны, резюмеси, сунуш каттары;
  • Паспорттун көчүрмөсү же өзүн тастыктаган күбөлүгү;
  • Билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун  көчүрмөлөрү;
  • Эмгек китепчесинин жана дипломдун көчурмөлөрү (нотариустан, же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  • Аскер билетинин көчүрмөсү (эгерде аскерге милдеттүү болсо);
  • Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин маалыматтык борборунан алынган соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • Ден-соолугу боюнча малымкат  (форма 086 У).

                     

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди дарекке жарыя ММК чыккан күндөн баштап 4 жуманын ичинде иш күндөрү күндүзү саат  8:30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек

 

Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 15 “А” (божомол шаардык  билим берүү бөлүмү), тел. 037-22-2-50-94.

       

Сынак өткөрүү орду жана убактысы кошумча билдирилет.

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00