Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Жоопту катчы
Талаптар:

КР Ош облусу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтү төмөндөгү бош орунга сынак жарыялайт

 

      Жоопту катчы кызмат ордуна

  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- толук жогорку кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юрисприденция, менеджмент, экономика, айыл чарба чөйрөсүндөгү).

      2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик же муниципалдык кызматта 3 (үч) жылдан кем эмес иш стаж же адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш стаж;

  1. Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамы: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”).

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөр:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү.

Ыктуулугу:

- тиешелүү тармактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

- башкаруу ишине ыктуулугу (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктантуу жана контролдоо);

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

Конкурска катышуучулар учун талап кылынуучу документтер:

 

  • Конкурстук комиссиянын атына жазылган арыз;
  • Өздүк каттоо баракчасы;
  • Дипломдун көчүрмөсү ( мамлекеттик нотариус аркылуу күбөлөнтүрүүлгөн);
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( мамлекеттик нотариус аркылуу күбөлөнтүрүүлгөн);
  • Паспортунун көчүрмөсү;
  • Резюме;
  • Өмүр баян (бардыгы бир делодо тигилген болушу керек).
  • Соттолбогондугу тууралу аныктама( Облустук ички иштер башкармалыгынан)

 

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккандан баштап 14 күнгө чейин                

Төлөйкөн айыл өкмөтү Сурап билүү телефондору 0(3222)7-74-94 0770 05 26 69

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-10-12 16:36:37
Дата аягы: 2016-10-12 16:36:37