Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы
Бөлүм: Ыкчам бөлүмү
Кызмат орду: Башкы адис (С-Б)-1 штаттык бирдик
Талаптар:

  - Кыргыз Республикасынын жараны, 21 жаштан жогору.

  -  Билими жогорку, төмөнкү багыттар боюнча: техникалык, архитектура жана курулуш, табигый илимдер, гуманитардык, медициналык, экономика жана башкаруу, маалыматтык технология жана эсептөө- техникалык, электроника, радиотехника жана байланыш, өзгөчө кырдаалдардан коргоо тармагы боюнча.

  - мамлекеттик  жана/же  муниципиалдык кызматтагы жыйынды стажы  бир жылдан кем эмес же кесиптик чөйрөдө  үч жылдан кем эмес эмгек стажы талап кылынат;

  -  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү.

  -  Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөө.

  -  Компьютердик техниканы билүүсү  шарт. (Microsoft Word. Microsoft Excel. Internet);  

  -“Жарандык коргонуу жөнүндө”,”Авариялык-куткаруу кызматы жана куткаруучулардын статусу боюнча”Мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын   17-ноябрындагы   № 733 “Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү” токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  20-февралындагы   № 115 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө”, 2011-жылдын 3-январындагы №1” Кыргыз Республикасындагы өзгөчө жана кризистик кырдааларда бирдиктүү маалымдоо-башкаруу системасы жөнүндөгү жобосун бекитүү жөнүндөгү” токтомдорун жана мыйзам актыларын билүүсү.

 Кызматтык милдеттерин аткарууда жашыруун сырларга уруксат талап кылгандыгына байланыштуу текшерүү иш-чараларын жүргүзүүгө талапкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.

Кызматтык милдеттери:

-райондо ӨК боюнча пландалган иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө жана анализдөө.

- райондун айыл аймактарынан,райондук кызматтардан маалымат топтоо;

-райондук Жарандык Коргонуу боюнча алдын алуу иш-чараларынын аткарылышына, ӨК алдын алууда жарандарды окутууга, машыгууларды өткөрүүгө катышуу;

-ӨК коркунучу пайда болгон мезгилде калкка маалымат жеткирүү жана кабарлоо;

-ӨК чыгымдарын өз убагында аныктоо жана жогорку органдарга жеткирүү.

  Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз; кадрларды эсепке алуу боюнча баракча сүрөтү(4х6 ) менен; резюме, өмүр баян; сунуш каттары, паспорттун көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун көчүрмөлөрү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт), аскер билетинин көчүрмөсү (эгерде аскерге милдеттүү болсо), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык борборунан алынган, соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, ден-соолугу боюнча маалымкат

 

      Сынака катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 14 күндүн ичинде иш күндөрү күндүзү саат 8-30 дан 17.30 га чейин тапшыруу керек.

 

Дареги: Жалал-Абад шаары, Жусупбек Бакиев көчөсү № 15а, маалымат алуу телефону: (03722)2-19-70

 

Сынак өткөрүү убактысы жана орду кошумча билдирилет.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-12-05 00:00:00
Дата аягы: 2016-12-19 00:00:00