Вакансиялар Талас облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын негизинде төмөндөгү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялайт:
Бөлүм: 1. «Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо» бөлүмү
Кызмат орду: башкы адисинин бош кызмат ордуна – бир орун.
Талаптар:

Кызматтык милдеттери:

Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй – бүлөлөр  жана  балдар менен иш алып баруу.

 

Квалификациялык талаптары:

  1. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган,21 жаштан жаш болбогон;
  2. соттолбогон

-Жогорку билим:гуманитардык, юридикалык,экономикалык, техникалык же социалдыкилимдер;

-Компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word, Excel);

- Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ченемдик укуктук актыларын билүүсү зарыл.

 

  1. «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, улгайган жарандарга жана жашаган жери аныкталбаган адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү» секторунун жетектөөчү адисинин бош кызмат ордуна – бир орун

 

Кызматтык милдеттери:

Үйүндө тейлөөгө муктаж болгон улгайган жарандарды,  ДМЧА жана  социалдык жардамга муктаж үй – жайсыз жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү.

 

Квалификациялык талаптары:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган,21жаштан жаш болбогон;
  • соттолбогон;
  • Жогорку билим: экономикалык, финансалык, юридикалык, гуманитардык же техникалык;
  • мыйзамдарда каралган учурларда кызматчы ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө зарыл;
  • Компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word, Excel)
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын билүүсү зарыл.

 

  1. «Финансалык эсеп жана отчеттуулук» секторунун жетектөөчү адисинин бош

кызмат  ордуна – бир орун.

 

Кызматтык милдеттери:

 

Башкармалыктын бухгалтердик – финансалык иштерин жүргүзүү.

 

Квалификациялык талаптары:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган,21жаштан жаш болбогон;
  • соттолбогон;

-Жогорку билим:экономикалык, финансалык;

-Компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word, Excel)

      -  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын билүүсү зарыл.

 

4.«Социалдык кепилдиктерди төлөө» секторунун жетектөөчү адисинин бош

кызмат  ордуна – бир орун.

 

Кызматтык милдеттери:

 

Социалдык төлөмдөрдүн төлөнүшүбоюнча иштерди жүргүзүү.

 

Квалификациялык талаптары:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган,21 жаштан жаш болбогон;
  • соттолбогон;

-Жогорку билим:финансалык,экономикалык, юридикалык, гуманитардык же техникалык;

-Компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word, Excel)

      -  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын билүүсү зарыл.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди башкармалыктын конкурстук комиссиясына тапшыруу керек:

 

  1. Кадрлар боюнча өздүк баракча;
  2. Бош кызмат оруну көрсөтүлүп жазылган өз арызы;
  3. Эки сүрөт 4 х 6;
  4. Паспорттун көчүрмөсү;
  5. Билимин тастыктаган документтин көчүрмөсү, эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус аркылуу же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн).

 

 

Сынакка катышуу үчүн тиешелүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 14 күндүн ичинде тапшыруу керек.

Конкурстук комиссия талапкерлердин документтерин ар бир жумушчу күнү саат 9.00 дон 17.00 го чейин кабыл алат.

 

Дареги: Манас району, Покровка айылы, К. Жаманкулов көчөсү 123, Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы.

Маалымат алуу телефону: (03459) 2-28-58.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-12-05 00:00:00
Дата аягы: 2016-12-16 00:00:00