Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад шаарынын мэриясы
Бөлүм: «Спутник» аймактык башкаруусу
Кызмат орду: башкы адис (1 шт. бирдик)
Талаптар:

Жалал-Абад шаарынын мэриясы муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орунуна сынак жарыялайт

 Жалал-Абад шаардык мэриясынын «Спутник» аймактык башкаруусунун башкы адиси (1 шт. бирдик)

 КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

Кесиптик билимдин деңгээли: социалдык-экономикалык же юридикалык жогорку билим

 Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

 Кесиптик компетенциялар:

Билими:

  • Жалпы мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдары
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилдерди билүү;

Көндүмдөр:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;
  • жаштар менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);
  • аналитикалык документтерди талдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
  • жаштар үчүн маданий иш-чаларды уюштуруу жана өткөрүү;

 Иш милдеттери:

  • жогорку органдарынан чыккан токтомдорду, буйруктарды, иш-чараларды аткаруу;
  • жылдык план түзүү жана анны өз убагында аткаруу;
  • жогорку органдардан суралган отчетторду жана маалыматтарды өз убагында жөнөтүү;
  • жыйындарды уюштуруу;

Талап кылынуучу иш кагаздары:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
  • билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • өмүр баяны;
  • 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
  • ден соолугу тууралуу тактама (№ 086);
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

 

  Документтерди кабыл алуу жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.

 

 Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат.

 

Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет. Сурап билүү телефондору: (03722) 2-30-93.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-02-06 00:00:00
Дата аягы: 2017-02-17 00:00:00