Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад шаарынын мэриясы
Бөлүм: Cоциалдык өнүгүү бөлүмү
Кызмат орду: башкы адис (1 шт. бирдик)
Талаптар:

Жалал-Абад шаарынын мэриясы муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орунуна сынак жарыялайт

 -Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси (1 шт. бирдик)

 КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

   Кесиптик билимдин деңгээли: социалдык, гуманитардык-педагогикалык жогорку билим.

   Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

   Билими:

  • жалпы мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдарын билүү;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилдерди билүү;

   Көндүмдөр:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
  • ишти натыйжалуу пландоо;
  • аналитикалык документтерди талдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 ИШ МИЛДЕТТЕРИ:

  • Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын түздөн-түз жетекчилигинин алдында иш алып барат;
  • Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Жалал-Абад областындагы ыйгарым уктуктуу өкүлчүлүгүнүн жана мэриянын буйруктары жана токтомдорун жетекчиликке алат;
  • Шаар мэринин тийиштүү токтом, буйруктарын даярдайт жана анын аткарылышын камсыздайт;
  • Аткарылган иштер боюнча отчетторду даярдайт, тиешелүү органдарга бекитилген формада тапшырат,отчеттук маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчиликти алат;
  • Шаарды өнүктүрүүдөгү социалдык маселелер боюнча аткаруу комитетине каралуучу материалдарды даярдайт;
  • мэрияга келип түшкөн каттарды жана жарандардын оозеки кайрылууларын карайт жана аларды аткаруу боюнча чараларды көрөт;
  • жогорку органдарга жазуу түрүндөгү каттардын жоопторун даярдайт;
  • шаарда гендердик теӊчиликтин сакталышы боюнча чараларды турмушка ашырат;
  • шаардагы туризмди өнүктүрүү боюнча иш чараларды турмушка ашырат;
  • «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы боюнча иштерди координациялайт;
  • Улуттук нарк-насилдерди, каада-салтарды келечек муундарга калтыруу боюнча иш-чараларды турмушка ашырат;
  • Мэриянын массалык маалымат каражаттары менен иш алып баруусун координациялайт;
  • Шаардык архив иштерин жана почта кызматтарын көзөмөлдөйт;
  • Майрамдык салтанаттарды даярдоодо жана өткөрүүдо көмөк көрсөтөт;
  • этикалык ченемдерди сактоого милдеттүү;

 ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАР:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
  • билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • өмүр баяны;
  • 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
  • ден соолугу тууралуу тактама (№ 086);
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

             Документтерди кабыл алуу жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккандан баштап 10 жумуш күнүн ичинде кабыл алынат.

  Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат.

 Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет. Сурап билүү телефондору: (03722) 2-30-93.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-02-06 00:00:00
Дата аягы: 2017-02-17 00:00:00