Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад шаарынын мэриясы
Бөлүм: Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгы
Кызмат орду: жетектөөчү адис (1 шт. бирдик)
Талаптар:

Жалал-Абад шаарынын мэриясы муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орунуна сынак жарыялайт

 Жалал-Абад шаардык мэриясынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жетектөөчү адиси (1 шт. бирдик)

 КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

  • Кесиптик билимдин деңгээли: кесиптик орто же жогорку билими.

Иш стажы жана тажрыйбасы: стаж талап кылынбайт.

Кесиптик компетенциялар:

Билими:

  • жалпы мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтомун билүү;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилдерди билүү;

Көндүмдөр:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;
  • жаштар менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);
  • аналитикалык документтерди талдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
  • жаштар үчүн маданий иш-чаларды уюштуруу жана өткөрүү;

 Иш милдеттери:

  • башкармалыккакелип түшкөн кат-кабарларды кабыл алууга, катто;
  • кат-кабарларды документтик аткаруучусуна өткөрүп берүүнү жүргүзүү;
  • документтерди каттоого жана аткарылышын контроль жүргүзүү;
  • иштердин номенклатурасын жана башка документтерди жүргүзүү;
  • документтерди сактоого жана учурдагы архивди жүргүзүү;

Талап кылынуучу иш кагаздары:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
  • билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • өмүр баяны;
  • 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
  • ден соолугу тууралуу тактама (№ 086);
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

  Документтерди кабыл алуу жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.

  Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат.

 Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет. Сурап билүү телефондору: (03722) 2-30-93.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-02-06 00:00:00
Дата аягы: 2017-02-17 00:00:00