Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак районунун Багыш айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Айыл өкмөт башчысынын орун басары (1 шт.бирдик)
Талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли: мамалекеттик жана/же муниципалдык башкаруу, айыл чарба багытында жогорку билим.

             Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Билими:

-жалпы мыйзамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, “Ветеринария жөнүндө”, «Жарандык коргонуу жөнүндө”, жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386-токтому;

- мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 ФУНКЦИЯЛЫК МИЛДЕТТЕР:

     -Айыл өкмөтүнүн өнүгүү стратегиясын иштеп чыгат, көзөмөлдөйт;

     -Калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иш алып барат;

     -Табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барат;

     -Калкты чарбалык жана тиркчилик жагынан тейлөөнү уюштурат;

     -Муниципалыдк менчикти башкарууну көзөмөлдөйт;

             Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

-жеке арыз;

-кадрларды каттоо баракчасы;

-3х4 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;

-паспорттун көчүрмөсү;

-билими тууралуу документтин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн);

-Мүнөздөмө.

 Документтерди кабыл алуу кулактындыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт: Сузак району, Октябрь айылы, Багыш айыл өкмөтүнүн 2-кабаты, №3-кабинети, тел.: (03722) 3-22-72.

 

 

 

 

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-02-13 00:00:00
Дата аягы: 2017-02-27 00:00:00