Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Айыл өкмөт башчысынын орун басары Башкы адис- Жер, турак жай боюнча. Жетектөөчү адис-Салык боюнча Инспектор - Аскердик каттоо кызматы боюнча 2-бош орун. Жетектөөчү адис- Социалдык маселелер боюнча
Талаптар:

Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  административтик мунуципалдык 6  бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт.

  1. Айыл өкмөт башчысынын орун басары
  2. Башкы  адис- Жер, турак жай боюнча.
  3. Жетектөөчү адис-Салык боюнча
  4. Инспектор - Аскердик каттоо кызматы боюнча 2-бош орун. 
  5. Жетектөөчү адис- Социалдык маселелер боюнча

1-бош орун Айыл өкмөт башчысынын орун басары

Кесиптик билимдин деңгээли:

- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен жогорку кесиптик билим. (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба жана гуманитардык илимдер чойросундогу.)

Стажы жана иш тажрыйбасы:

Мамлекеттик же муниципалдык кызматта 3 (уч) жылдан кем  эмес иш стаж же адистиги боюнча 5 (беш) жылдан кем эмес.

Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамы: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”).

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөр:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү.

Ыктуулугу:

- тиешелүү тармактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

- башкаруу ишине ыктуулугу (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктантуу жана контролдоо);

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

 

1-бош орун Башкы  адис- Жер, турак жай боюнча.

 Кесиптик билимдин деңгээли:

Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта иш стажы 1 (бир) жылдан кем эмес же адистиги боюнча 3 (уч) жыл.

орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен жогорку кесиптик билим.

Кесиптик компетенциялар:

- жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана же расмий тилдерди билүү;

Көндүмдөр:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 

1-бош орун  Жетектөөчү адис- салык инспектору

 Кесиптик билиминин деңгээли:

- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалаган профилдеги жогорку же болбосо атайын орто кесиптик билим.

Кесиптик компетенциясы:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”).

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөр:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

- командада иштөө.

Ыктуулук:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

 2-бош орун  адис- Аскердик каттоо кызматы боюнча.

Кесиптик билимдин деңгээли:

- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалаган профилдеги жогорку же болбосо атайын орто кесиптик билим.

Кесиптик компетенциялар:

- жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана же расмий тилдерди билүү;

Көндүмдөр:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 

1-бош орун  Жетектөөчү адис- Социалдык маселелер боюнча

 Кесиптик билиминин деңгээли:

- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалаган профилдеги жогорку же болбосо атайын орто кесиптик билим.

Кесиптик компетенциясы:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”).

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөр:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

- командада иштөө.

Ыктуулук:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу учун төмөндөгү документтер керектелет:

  • жеке арызы 
  • резюме
  • өмур баян
  • кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы
  • фото сүрөт  2 даана
  • паспортунун же инсандыгын күбөлөндүрүчү башка документинин көчүрмөсү
  • зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
  • Диплому (нотариустан тастыктоо менен)

 

  Документтер  массалык маалымат каражаттарында (гезитке жарыя ) кылынгандан кийин 10 жумушчу  күндүн ичинде кабыл алынат.

 

Дареги : Кара-Таш айылы

Байланыш телефону: +996 0773-06-86-09

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-02-14 22:58:53
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00