Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад шаарынын мэриясы
Бөлүм: муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин турак-жай боюнча бөлүмү
Кызмат орду: бөлүм башчы (1 шт. бирдик)
Талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли: Юридикалык жогорку билим.

   Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

   Билими:

  • жалпы мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Турак жай” кодекси жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын билүү;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилдерди билүү;

   Көндүмдөр:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
  • ишти натыйжалуу пландоо;
  • аналитикалык документтерди талдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 ИШ МИЛДЕТТЕРИ:

  • Муниципалдык менчик, туракжай маселелери боюнча жалпы жоболорду, мыйзам актыларын жайылтуу;
  • Туракжай, туракжайды менчиктештирүү, түрдүү багыттагы объектилерди курууга жер участокторун алуу маселелери боюнча жарандарды кабыл алуу жана аларга кеп-кеңеш берүү;
  • Туракжай маселелери боюнча коомдук комиссиянын жыйынына жеке жана юридикалык жактардын арыздары, кайрылуулары боюнча материалдарды даярдоо (маалымат, тактама, көчүрмө жана башка документтерди алуу үчүн керектүү инстанцияларга суроо-талаптарды даярдоо) жана комиссиянын жыйынында каралгандан кийин документтер менен иштөө (мэриянын туракжайды бөлүү, бекитип берүү, ордерлерди жолжоболоштуруу (оформить этүү), кайра жол-жоболоштуруу);
  • Куруу жана жер пайдалануу комиссиясынын жыйынына материалдарды даярдоо комиссиянын отурумун өткөрүүнү уюштуруу;
  • Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча комиссиянын жыйынына жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча бардык материалдарды даярдоо комиссияны отурумун уюштуруу;
  • Муниципалдык туракжайды менчиктештирүү боюнча комиссиянын жыйынына бүт материалдарды даярдоо комиссиянын отурумдарын уюштуруу;
  • Бөлүмдүн иш кагаздарын жүргүзүүдөгү бирдиктүү тутумун уюштурат, бөлүмдөгү эмгек жана аткаруу тартибинин абалына болгон көзөмөлдү иш жүзүнө ашырат;
  • Жогору турган уюмдардын документтерин, жарандардын каттары жана даттанууларын, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана шаардык Кеңештин депутаттарынын чечимдеринин өз убагында аткарылышын көзөмөлдөйт.

 ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
  • билими туралуу документтин жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • өмүр баяны;
  • 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
  • ден соолугу тууралуу тактама (№ 086);
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

  Документтерди кабыл алуу жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт.

  Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат.

 Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү, 38, 1-кабат 5-кабинет. Сурап билүү телефондору: (03722) 2-30-93.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-02-20 00:00:00
Дата аягы: 2017-03-06 00:00:00