Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Айыл өкмөт башчысынын орун басары Башкы адис- юрист
Талаптар:

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Административтик мунуципалдык 2 (эки) бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт.

  1. Айыл өкмөт башчысынын орун басары
  2. Башкы адис- юрист

 1-бош орун Айыл өкмөт башчысынын орун басары

Кесиптик билимдин деңгээли:

- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен жогорку кесиптик билим. (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба жана гуманитардык илимдер чойросундогу.)

Стажы жана иш тажрыйбасы:

Мамлекеттик же муниципалдык кызматта 3 (уч) жылдан кем  эмес иш стаж же адистиги боюнча 5 (беш) жылдан кем эмес.

Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамы: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”).

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөр:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү.

Ыктуулугу:

- тиешелүү тармактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

- башкаруу ишине ыктуулугу (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктантуу жана контролдоо);

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

 

1-бош орун  Башкы адис - юрист

Стажы жана иш тажрыйбасы:

Мамлекеттик же муниципалдык кызматта 1 (бир) жылдан кем  эмес иш стаж же адистиги боюнча 3 (уч) жылдан кем эмес.

Кесиптик билимдин деңгээли:

- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен жогорку кесиптик билим. (юриспруденция).

Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамы: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Конкурска катышуу учун төмөндөгү документтер керектелет:

жеке арызы  

резюме

өмур баян

кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы

фото сүрөт  2 даана

паспортунун же инсандыгын күбөлөндүрүчү башка документинин көчүрмөсү

зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү.

Диплому (нотариустан тастыктоо менен)

 

  Документтер  массалык маалымат каражаттарында (гезитке жарыя ) кылынгандан кийин 10  жумушчу  күндүн ичинде кабыл алынат.

 

Дареги : Кара-Кулжа айылы

Байланыш телефону:+996 0777-85-36-85

 

 

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн

башчысынын милде

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-03-02 22:57:44
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00