Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм:
Кызмат орду: Аппарат жетекчи
Талаптар:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (юридикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономикалык, техникалык, гуманитардык жана педагогикалык багыттара боюнча)

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциялары:

Билими:

- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамы, “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү  мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Саясий атайын мамлекеттик муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин”, 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө” Жарлыктары, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” жана 2003-жылдын 24-июлундагы №462 “Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомдорун,  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этика кодексин”, “Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын регламентин”,  “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” Типтүү нускаманы билүүсү зарыл.   

- адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;

билгичтиги:

- иштин артыкычлыктуу  багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгат;

- түзүмдүк бөлүмдөрдүн проблемаларын чечүүгө ыкмаларды талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө жана аларды чечүүгө жаӊы ыкмаларды киргизет;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;

-  кызыкчылыктардын кагылышына  алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билет жана чечет;

- коюлган милдеттерди чечүүдө жаӊы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издейт;

- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу пландаштырат;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенет;

-Чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салат.

Көндүмдөр:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгат;

- түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (карамагындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көрө билүүлөрүн өзүнүн карамагындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- маалыматты талдоо, системалоо жана жалпылайт;

- ченемдик укуктук актылар менен иш алып барат жана аларды практикада колдонот;

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзөт, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү, элдин алдында чыгып сүйлөөлөрдү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзөт;

-компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүүсү зарыл. 

Функционалдык милдеттери:

            Акимдин  түзмө-түз жетекчилик алдында иштейт. аппаратты жетектейт, эмгек дисциплинасы үчүн жооптуу.

-жалпы бөлүмдүн ишин пландайт жана уюштурат, адистин ишин бөлүп берет, -жалпы бөлүмдүн кызматкерин жумушка кабыл алуу жана кызматтан бошотуу

тууралуу сунушун акимге киргизет.

-кадрларын тандайт, аппараттын уюштуруучулук жана тиешелүү кызматтык тартипти сактайт, иш кагаздардын туура жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт.

-раймамадминистрациянын өздүк ченемдик жана башка чечимдерин аткаруучуларга өз убагында жеткирүүнү көзөмөлдөйт.

-раймамадминистрациясынын аппаратына келип түшкөн корреспонденцияларды карап, тиешелүү адистерге бөлүп берет, чечим боюнча аткаруучуларга (резолюция) бөлүштүрөт.

-раймамадминистрацияга райондон, райондук структуралардан келип түшкөн документтердин, каттардын, кайрылуулардын жана арыздардын аткарылышын көзөмөлгө алат.

-аппаратта документтердин өз убагында аткарылышына көзөмөл жүргүзөт,

-өзүнүн аракетинин чегинде раймамадминистрациянын башчысы-акимдин жана анын орун басарларынын тапшырмаларын аткарат.

-системалык түрдө жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын башкаруу документтери менен иштоодөгү абалын, аткаруу көзомолү боюнча ишмердүүлүгүн текшерип, жыйынтыгын раймамадминистрациянын жетекчилигине билдирет.

-жооптуу кызматкерлер тарабынан токтомдордун, тескемелердин, башчынын жана анын орун басарларынын тапшырмаларын оз убагында аткарып жаткандыгын козөмөлгө

алат.

-раймамадминистрациянын коллегиясынын өз убагында өткөрүлүшүн козомолдойт.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрлардын каттоо баракчасы;

- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же  иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

- эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же  иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

- мурунку иштеген жеринен сунуш кат;

Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын №3 кабинетинде (жалпы бөлүмүндө) Чолпон-Ата шаары Совет көч №1 дарегинде кабыл алынат.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар: (03943) 4-33-16,4-28-28.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-03-16 00:00:00
Дата аягы: 2017-04-01 00:00:00