Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Тон райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы
Бөлүм: 1. Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү, 2.Иш менен камсыз кылуу бөлүмү, 3. финансылык эсеп жана отчеттуулук сектору
Кызмат орду: Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси, иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, финансылык эсеп жана отчеттуулук секторунун жетектөөчү адиси
Талаптар:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

- жашы 21 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын билиши;

- компьютерде иштей билиши;

- кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билиши;

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси:

  • гуманитардык, юридикалык, экономикалык багыттар боюнча жогору билимдүү;
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенциялары:

- КР “Балдар жөнүндө”, “Үй-бүлө жөнүндө” кодекстери, КР “Билим берүү жөнүндөгү”, “Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү”, “Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү”, “Калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамдары,

КР Өкмөтүнүн 27.10.2015-ж №733 “Балдарды  Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнундө жобону, ошондой эле Адам ооруп  калганда  асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегин бекитүү тууралуу” токтому; 

Функционалдык милдеттери:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте турмуштук оор кырдаалда турган балдарды табат.

-камкорчулук, көзөмөлчүлүк тууралуу чечимдерди кабыл алуу үчүн, камкорчулукка, көзөмөлчүлүккө,  багуучу ата-энеликке талапкерлердин жашоосунун турмуш тиричиликтик шарттарына иликтөө жүргүзөт жана зарыл маалыматтарды чогултат.

-баланы коргоо боюнча жекече пландын жана үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планынын аткарылышына көзөмөлдөөнү  камсыз кылат.

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси:

  • гуманитардык, юридикалык жана экономикалык багыттар боюнча жогорку билимдүү;
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажысына талаптар коюлбайт;.

Кесиптик компетенциялары:

  • Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамы;

Функционалдык милдеттери:

- иш издеген жарандардын эсебин  жүргүзөт жана маалымат базасын түзөт, бош орундар боюнча маалымат даярдайт;

-статистикалык жана  жумушсуздук боюнча жөлөкпул чектөө, төлөө боюнча отчетторду түзөт;

- жумушсуз жарандарды ишке орноштуруу боюнча мониторинг жана анализ жүргүзөт.

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

финансылык эсеп жана отчеттуулук секторунун жетектөөчү адиси:

  • экономика жана финансы багыттары боюнча жогорку билимдүү;
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажысына талаптар коюлбайт;.

Кесиптик компетенциялары:

-Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  22.12.2009 ж. № 795 “Жеӊилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсация төлөө жөнүндөгү”, 31.07.1996-ж. № 348 “КРнын “Согуштун жана Куралдуу күчтөрүнүн ветерандары жана ооруктун эмгекчилери жөнүндөгү””мыйзамын ишке ашыруу чаралары жөнүндөгү”, 28.01.2010-ж. № 43 “Кыргыз Республикасынын Президентинин  “1941-1945-жж Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндөгү” жарлыгын ишке ашыруу” ж.б токтомдору

Функционалдык милдеттери:

  • финансылык эсеп жана отчеттуулукту жүргүзөт жана мезгилдүү отчетторду даярдайт;

Талапкерлерден алынуучу документтер:

-Конкурстук комиссиянын төрайымынын атына жазылган жеке арызы;

-кадрларды катто баракчасы;

-3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

-паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда корсотулот);

-жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү(көчүрмөсүн нотариустан же  иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

            Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күн ичинде  Боконбаев айылы Манасчы Мамбет 21 Тон райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында  кабыл алынат.

      Кошумча маалыматтарды алуу жана ваканттык орундардын функционалдык милдеттери менен таанышуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (0-3947)91-5-40  91-5-44

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-03-02 09:00:00
Дата аягы: 2017-03-17 18:00:00