Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаны-Арык айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Башкы адис – юрист, адис- Аскердик каттоо кызматы боюнча.
Талаптар:

1-бош орун  Башкы адис – юрист

Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция чөйрөсүндөгү).

Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стаж же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  билүүсү зарыл: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”,  “Тынч чогулуштар жөнүндө”;

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик же расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөр:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Ыктуулугу:        

- тиешелүү тармактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- мамлекеттик жанаже расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

1-бош орун  адис- Аскердик каттоо кызматы боюнча.

Кесиптик билимдин деңгээли:

- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалаган профилдеги жогорку же болбосо атайын орто кесиптик билим.

Кесиптик компетенциялар:

- жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана же расмий тилдерди билүү;

Көндүмдөр:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 

 

Конкурска катышуу учун төмөндөгү документтер керектелет:

жеке арызы  

резюме

өмур баян

кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы

фото сүрөт  2 даана

паспортунун же инсандыгын күбөлөндүрүчү башка документинин көчүрмөсү

зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү.

Диплому (нотариустан тастыктоо менен)

 

  Документтер  массалык маалымат каражаттарында (гезитке жарыя ) кылынгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.

 

Дареги : Жаны-Арык айылы , Ленин көчөсү

Байланыш телефону:+996 0778-05-35-64

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-03-15 19:59:51
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00