Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары:
Талаптар:

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү муниципалдык

кызматтын төмөндөгү бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт

 

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары:

Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү).

Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта үч жылдан кем эмес иш стаж же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

- жетекчилик иштеги тажрыйбасы үч жылдан кем эмес.

Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  билүүсү зарыл: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл:  Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик  жөлөкпулдар  жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”,  “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”,  “Тынч чогулуштар жөнүндө”, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобо.

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

Ыктуулугу:

- тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин өнүгүү программаларын натыйжалуу тейлөө;

- ишти натыйжалуу пландоо;

- тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;

- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;

- жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү.

- кабыл алынган чечим боюнча жоопкерчиликти өзүнө алуу.

 Көндүмдөр:

- финансылык менеджмент жаатында;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгууда;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- башкаруучулук иши (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, мамлекеттик же расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу учун төмөндөгү документтер керектелет:

жеке арызы  

резюме

өмур баян

кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы

фото сүрөт  2 даана

паспортунун же инсандыгын күбөлөндүрүчү башка документинин көчүрмөсү

зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү.

Диплому (нотариустан тастыктоо менен)

 

  Документтер  массалык маалымат каражаттарында (гезитке жарыя ) кылынгандан кийин 10 жумушчу  күндүн ичинде кабыл алынат.

 

Дареги : Жаны-Турмуш айылы ,

Байланыш телефону:+996 0552 84 06 00

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-04-05 22:19:57
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00