Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы
Бөлүм:
Кызмат орду: АДИС
Талаптар:

   Билими: инженер-эколог, токой-чарба инженери, биология багыттары боюнча жогорку билим.

- Эмгек  стажы талап кылынбайт.

- “Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө","Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө", “Кыргыз Республикасынын биосфералык аймактары жөнүндө” мыйзамдарын жана КР "Токой кодекси", КР администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин (124-157- беренелерин) билүүсү.

 Иш милдеттери:  Лабораториянын ишин уюштуруу жана химиялык анализдерди жүргүзүү, мониторингдин негизинде айлана чөйрөгө баа берүү, базалык маалымат түзүү, аналитикалык маалыматтарды даярдоо.

 Талап кылынуучу документтер:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
  • билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жеринен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жеринен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • өмүр баяны;
  • 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
  • ден соолугу тууралуу тактама (№ 086);
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

 Документтерди кабыл алуу жарыя ММКда чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 9-00 дөн 18-00 гө чейин кабыл алынат.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, Б. Осмонов көчөсү 130,  Тел.: (03722) 5-45-12, (0779) 45-27-46

Сынак өткөрүү орду жана убактысы кошумча билдирилет.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 2017-04-17 00:00:00