Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад шаарынын мэриясы
Бөлүм: Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин санитардык экологиялык инспекциясы
Кызмат орду: башкы адис (1 шт. бирдик)
Талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли: экономикалык, юридикалык, жаратылышты колдонуу жана экология багытындагы жогорку билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

   Билими:

  • жалпы мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексин билүү;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилдерди билүү;

   Көндүмдөр:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
  • ишти натыйжалуу пландоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 ИШ МИЛДЕТТЕРИ:

-шаардын санитардык экологиялык абалын көзөмолдөө, сактоо;

-шаар аймагында жүргүзүлгөн ишембиликти көзөмөлдөө жана таштандыларды тазалатуу;

-шаардын аймагындагы баш-аламан чачкын түрдө жүргүзүлгөн ишин иретке келтирүү  (базарларга киргизүү);

-шаардагы жайгашкан арык, канал ирригация системасын санитардык экологиялык абалын сактоо таштандыларды төктүрбөө жана көзөмөлдөө;

 ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАР:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
  • билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • өмүр баяны;
  • 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
  • ден соолугу тууралуу тактама (№ 086);
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

             Документтерди кабыл алуу жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккандан баштап 10 жумуш күнүн ичинде кабыл алынат.

  Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат.

 Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет. Сурап билүү телефондору: (03722) 2-30-93.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-04-10 08:30:00
Дата аягы: 2017-04-21 17:30:00