Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫК ЖАНА ВЕТЕРИНАРИЯ БОЮНЧА ЖЕТЕКТӨӨЧҮ АДИС
Талаптар:

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

  • жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • Кыргыз Республикасынын негизги укуктук ченемдик актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө”, “Малчарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө”, “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” мыйзамдарын билүү.

Билгичтиги:

  • Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 ФУНКЦИЯЛЫК МИЛДЕТТЕР:

Малчарбачылыгынын абалын жакшыртуу, айыл чарба жаныбарларын жана канатуулардын санын көбөйтүү боюнча чара көрүүгө, алардын эсебин алуу;

Малды жасалма уруктандыруу, пунктардын жана ветеринариялык сервистик кызматтын пунктарынын иш аракеттерин контролдоо;

Айыл чарба жаныбарларын ветеринария-санитариялык , эпизоотияга каршы иш чараларды жана мал чарбачылыгында селекциялык асылдандыруу иштерин текшерүүгө жана өз учурунда сапаттуу жүргүзүүнү уюштуруу.

 ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАР: жеке арыз, кадрларды эсепке улуу боюнча өздук баракча, 3х4 өлчөмүндө 2 даана сүрөт, паспорттун көчүрмөсү, билими туралуу документ жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (нотариалдык турдо же иштеген жеринде кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан), өмүр баян.

 Документтерди кабыл алуу жарыя ЖАМК чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Тогуз-Торо районунун Атай айылы, Залимтөрөев Данияр  көчөсү №60 Атай айыл өкмөтүндө кабыл алынат.  тел.:0779070731, 0700070831

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00