Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык аскердик-эсепке алуу столунун инспектору  ваканттык административдик муниципалдык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим (техникалык, гуманитардык, аскер багыттары боюнча) же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (техникалык, гуманитардык, аскер багыттары боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” жана “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзамдарын билүүсү зарыл.Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери:

Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору:

-аскерге милдеттүүлөрдү каттоого алууга жана каттоодон чыгарууга;

-аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы каттоосун жүргүзүүгө;

-аскердик каттоодо турбаган аскерге милдеттүүлөрдү жана эсепке алуудан өтпөгөн аскерге чакырылууга чейинкилерди аныктоого;

- жарандарга паспорт берүү жана алмашуу үчүн паспорт столуна керектүү документтерди даярдоо;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрлардын каттоо баракчасы;

- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

- эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

       Талапкерлерден документтери Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10(он) жумушчу күндүн ичинде Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүндө кабыл алынат. Дареги: Семеновка айылы , Совет көчөсү № 20, тел: 0(3943) 34-3-52.  Конкурс өтө турган күн талапкерлерге кошумча билдирилет.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-04-11 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00