Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык мэриясы
Бөлүм:
Кызмат орду: экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис
Талаптар:

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык мэриясы

Чолпон-Ата шаары                                                                                         Совет көчөсү №75

 

      Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү  адис ваканттык административдик муниципалдык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт.

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономикалык, финансы кредит, салык жана салык салуу, бухгалтердик эсеп жана аудит багыттары боюнча) же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (экономикалык, финансы кредит, салык жана салык салуу, бухгалтердик эсеп жана аудит багыттары боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактар жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдарын билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

         компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери:

Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү  адис:

-Алдыдагы жылга жана орто мөөнөттүү келечекке аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын түзүү үчүн баштапкы маалыматтарды даярдоо.

-Шаарды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга катышууга.

-Кичи-орто бизнести өнүктүрүүдө бизнес пландарды иштеп чыгат.

-Элдин демографиялык өнүгүшү боюнча анализ кылат.

-Өнөр-жай ишканаларынын өнүгүшүнө мониторинг жүргүзөт.

-Финансы-экономиканын өсүшүнө анализ кылуу,мониторинг жүргүзөт жана сунуш даярдайт.

-Мекеме-ишканалардан статистикалык отчетторду алат.

-Өнөр-жай ишканаларды өнүктүрүү боюнча стратегиясын,программалардын долбоорлорун иштеп чыгат.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрайымынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрлардын каттоо баракчасы;

- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

- эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

Талапкерлерден документтер массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Чолпон- Ата шаарынын Совет көчөсү №75 дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар   (0-3943) 4-20-00 жана (0-550) 25-11-65, (0-707) 25-11-65. 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-04-15 00:00:00
Дата аягы: 2014-04-28 00:00:00