Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак районунун Багыш айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Аскердик эсепке алуу столунун инспектору (1 шт.бирдик), иш жүргүзүүчү адис (1 шт.бирдик)
Талаптар:

  -Жогорку же кесиптик орто билим;

  -Иш стажына талап коюлбайт;

  -Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларын, ошондой эле аскердик эсепке алуу столунун инспектору: “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндөгү, аскердик жана альтернативалык кызматтар жөнүндө” мыйзамдарын, иш жүргүзүүчү адис: «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамын, Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүү.

-компьютерде иштей билүү;

-мамлекеттик жана расмий тилдерде эркин сүйлөй билүү.

 ФУНКЦИЯЛЫК МИЛДЕТТЕР:

            Аскердик эсепке алуу столунун инспектору:

     -нускаманын талаптарынын негизинде аскерге милдеттүүлөрдү аскердик каттоого алууга жана каттоодон чыгаруу жана башка иштерди аткаруу.

Иш жүргүзүүчү адис:

     -жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү кошкондо айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын, ошондой эле келгендерди кабыл алуу журналын жүргүзүү;

     -жогорку органдардан келген каттар боюнча жооптуу кызматкерлердин журнал учетун өз мөөнөтүндө жүргүзүү ж.б. иштерди аткаруу.

             Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу иш кагаздар: жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3х4 өлчөмүндө 2 даана сүрөт, паспорттун көчүрмөсү, билими тууралуу документтин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн), өмүр баян.

 Документтерди кабыл алуу кулактындыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт: Сузак району, Октябрь айылы, Багыш айыл өкмөтүнүн 2-кабаты, №3-кабинети, тел.: (03722) 3-22-72.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00