Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм:
Кызмат орду: 1.Социалдык сектордун башчысы–1; 2.Адис–1.
Талаптар:

Сектордун башчысы кызматына:

- Гуманитардык, социалдык илимдер, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, педагогикалык, саламаттыкты сактоо багыты боюнча жогорку билим.

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.-Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө»,  «Маданият жөнүндө», «Дене тарбия жана спорт жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдарын билүү

 Адис кызматына:

- жогорку билим.

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө» токтомдорун билүү.

 Функционалдык милдеттер:

социалдык сектордун башчысы: сектордун ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылат жана сектордун адистеринин иштерин координациялайт, социалдык секторго тийиштүү жогорку органдардан келген укуктук ченемдик актылардын жана башка иш кагаздарынын аткарылышын көзөмөлдөйт, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, кесиптик билим берүү окуу жайлардын, райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн координациялайт, массалык маалымат каражаттары менен байланышты камсыздайт, бекитилген айылдык аймагына куратордук жүргүзөт, социалдык-маданий массалык иш чараларды уюштурат, жетекчинин тапшырмаларын аткарат.

адис: райондук мамлекеттик администрция башчысы – акимдин эл менен жолугушууларын уюштурат, акимдин иш чараларын, иш пландарын аткарылышын көзөмөлдөйт, электр тармактар ишканаларына кураторлук жүргүзөт, жетекчинин тапшырмаларын аткарат.

 Талап кылуунучу документтер:

  • арыз;
  • өздүк баракча;
  • 4х6 өлчөмдөгү (түстүү) 2 даана сүрөт;
  • паспорттун же өздүгүн күбөлөндүргөн башка документтин көчүрмөсү;
  • жогорку билими тууралуу документтин (диплом, сертификат, күбөлүк ж.б.) көчүрмөсү (нотариустан же иштеген жеринен тастыкталган);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан же иштеген жеринен тастыкталган);
  • резюме;
  • өмүр баяны;
  • мүнөздөмө.

 Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан к\ндън баштап 10 жумушчу күнү ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Сузак району, Сузак айылы, Сатвалды-Палван к., №108, тел(03748) 5-00-05, 5-00-75

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00