Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы
Бөлүм:
Кызмат орду: Аксы райондук жаштар иштери боюнча адиси-1 кызмат орун
Талаптар:

-Жогорку  билим;

-Компьютерде иштей билүү;

-Мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү;

-Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Эмгек Кодексин жана “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Мыйзамын, “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Мыйзамы, “Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун  билүү.

  1. Эмгек тажрыйбасы жана стажы:

- Талап кылынбайт.

  1. Функционалдык милдеттери:

         - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

         -Укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу, макулдашуу;

         -Жетекчиликтин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

         -Мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү максатында иш жүргүзүү;

         -Райондо жаштар иштерин алып баруу;

 Талап кылынуучу документтер:

-  Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын конкурсттук комиссиясынын төрагасына арыз (телефондорун көрсөтүү менен);

  • Кадрлар боюнча баракчасы, 4 х 6 см сүрөтү менен;
  • Паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • Керектүү кесиптик билими, эмгек стажы жана квалификациясы жөнүндө документтерин (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  • Документтерди тигүү үчүн скоросшиватель;

 Документтер газетага жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүк мөөнөттө төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Жалал-Абад шаары, Манас көчөсү, Курманбек стадиону телефондор:  (03722) 7-19-72, 7-33-66  факс7-19-72

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-04-25 00:00:00
Дата аягы: 2017-05-11 00:00:00