Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нариман айыл өкмөтү төмөндөгү бош орундарга сынак жарыялайт.
Бөлүм:
Кызмат орду: Жоопту катчы
Талаптар:

      Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  жарандык кызмат жана муниципалдык  кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык Нариман айыл өкмөтү төмөндөгү  бош орундарга сынак  жарыялайт.

 

Жоопту катчы

 

  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- толук жогорку кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү).

 

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана / же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,”Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүүсү;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (“Кыргыз Республикасынын  Жер кодекси,   Кыргыз Республикасынын “Жергилүктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”,  “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү жобо, “Жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”,  “Тынч чогулуштар жөнүндө”);

 

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

 

Билгичтиги:

- тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин өнүгүү программаларын натыйжалуу тейлөө;

- ишти натыйжалуу пландоо;

- тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;

- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү.

- кабыл алынган чечим боюнча жоопкерчиликти өзүнө алуу.

 

Көндүмдөрү:

- финансылык менеджмент жаатында;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгууда;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- башкаруучулук иши (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу учун төмөндөгү документтер керектелет:

  1. жеке арызы  
  2. резюме
  3. өмур баян
  4. кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы
  5. фото сүрөт  2 даана
  6. паспортунун же инсандыгын күбөлөндүрүчү башка документинин көчүрмөсү
  7. зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
  8. Диплому (нотариустан тастыктоо менен)

 

           Жарыя  газетага чыккан  күндөн тартып сынакка катышуучулар  10 жумушчу кундун ичинде кабыл алынат  керектүү документтерди Нариман айыл өкмөтүнүн имаратына  тапшырышат.

                                                                       

Дареги : Кара-Суу районуна караштуу  Нариман айыл Өкмөтүнүн  Нурдар айылы , Бабур көчөсү б/№. Нариман айыл  Өкмөтүнүн имараты. Кошумча маалымат алуу үчүн  телефон :  0(3222) 9-55-96 факс: 0(3222) 9-55-96

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-05-02 22:22:52
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00