Вакансиялар Талас облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Талас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынынын негизинде бош мамлекеттик административдик кызмат орунуна конкурс жарыялайт
Бөлүм: 1.Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү
Кызмат орду: секторунун башчысы – 1 орун
Талаптар:

Кызматтык милдеттери;

 секторго кайрылган жумуш издөөчулөрдү жана жумушсуз жарандарды кабыл алат жана каттоо жүргүзөт.

- акы тлөөнүщу комдук иштер аркылуу долбоорлорду ишке ашырууну уюштурат жана жүргүзөт.

- айлык, кварталдык жана жылдык статистикалык отчетторду даярдайт жана тапшырат.

- жумущсуз жарандарды жумушка орноштуруу иштерин жүргүзөт.

- жумуш орундарынан кыскартууга дуушар болгон жарандар менен иш алып барат.

- каттоодо турган жумушсуз жарандарга тиешелүү аныктамаларды берет.

- бош жумуш орундарын изилдөө менен бирге жумуш  жумуш орундарынын маалымат базасын    түзөт жана жумуш берүүчүлөр  менен  иш алып барат.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин буйруктарына, токтомдоруна ылайык иш жүргүзөт;

Квалификациялык талаптары:

 

-Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;

-  21 жаштан жаш болбоого;

-Билими:  экономикалык, юридикалык, гуманитардык  же социалдык илимдер боюнча жогорку билим:

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы  жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо кесиптик чөйрөдө 3-жылдан кем эмес иш стажы.

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башкан нормативдик – укуктук актыларын билүүсү

- Компьютерде иштөө тажрыйбасы болуусу шарт (word, excel);

- Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчы ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө зарыл.

1.Социалдык кепилдиктерди чектөө  бөлүмүнүн  башкы  адиси –1 орун

 

Кызматтык милдеттери:

 

-социалдык төлөмдөрдү дайындоо тартиби жөнүндө түшүндүрүп берүүнү эске алуу менен арызчы менен пикир алмашат жана жарандарды каттоо журналында каттоону жүргүзөт;

-социалдык төлөмдөрдү дайындоо үчүн керек болгон документтерди кабыл алууну жүргүзөт, керек болгондо керектүү документтерди чогултууда көмөк көрсөтөт;

-арыз ээси берген документтерди жана үй бүлөгө барганда толтурулган аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспортун карап чыгуунун негизинде жөлөкпулду дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

- ашык төлөмгө жол бербөө максатында документтерди контролдоону жана текшерүүнү жүргүзөт, социалдык төлөмдөрдү туура эмес дайындоого жеке жоопкерчиликти тартат;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген маалымкаттардын аныктыгын текшерет;     

- мамлекеттик жөлөкупулдарды алууга талапкер үй-бүлөлөрдүн кирешесин далилдөө үчүн үйгө жана ишканага баруу менен тандалма утурлама текшерүүнү өткөрөт;

- өз убагында социалдык төлөмдөрдү белгиленген тартипте дайындайт жана социалдык кепилдиктерди алуучуларга билдирүүнү даярдайт;

-дайындоо иштери тууралуу маалыматты дайындоо иштеринин эсеп журналына киргизет;

-белгиленген үлгүдөгү мамлекеттик жөлөкпулду дайындоого протоколду толтурат;

- социалдык кепилдиктерди алуучуларды өз убагында жана туура каттону жүргүзөт жана электрондук маалыматтар базасына киргизет;

- квартал сайын алуучулардын санына талдоо, мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү дайындоо жана төлөө жол-жобосун,ошондой эле аларды жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды даярдоону жүргүзөт.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин буйруктарына, токтомдоруна ылайык кайра эсептөөлөрдү жүргүзөт;

 

 Квалификациялык талаптары:

 

-Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;

-  21 жаштан жаш болбоого;

-Билими:  экономикалык, финансалык, юридикалык,  гуманитардык  же техникалык тармак боюнча жогорку билим:

 - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка нормативдик – укуктук актыларын билуусу;

- Компьютерде иштөө тажрыйбасы болуусу шарт (word, excel);

- Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчы ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө зарыл.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:

 

-бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;

- кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү 2 даана (4х6 өлчөмдөгү );

- паспортунун же кимдигин аныктоочу документтин көчүрмөсү (паспортунун түп нускасы сынакка келгенде өзү тарабынан көрсөтүлөт);

- билимин тастыктаган документтин көчүрмөсү(нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн);

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн);

    Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.

-Бош мамлекеттик админстративдик кызмат орундарына белгиленген функционалдык  милдеттери боюнча толук малыматты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынан mmk.gov.kg сайтынан  алсаныздар болот.

    Конкурска катышуу учун керектүү документтерди төмөнкү дарекке жарыя  чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде саат 17.30 чейин тапшыруу керек.

 

Дареги: Талас району, Көк Ой айылы, Ленин көчөсү № 200

 Талас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын имараты.

Маалымат алуу телефондору: 03422 5-86-49  0558 10-37-01

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-04-24 00:00:00
Дата аягы: 2017-05-11 00:00:00