Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү,
Бөлүм:
Кызмат орду: Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
Талаптар:

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

 

  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- Жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, финансы,  зоотехник, ветеринардык,  айыл чарба жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү).

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана / же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,”Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүүсү;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:  “Кыргыз Республикасында мамлекеттик  жөлөкпулдар  жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Мектепке чейинки мекемелер жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”, “Жергилүктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Тынч чогулуштар жөнүндө”);

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

Билгичтиги:

- тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин өнүгүү программаларын   

  натыйжалуу тейлөө;

- ишти натыйжалуу пландоо;

- тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;

- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын  

  ишин объективдүү баалоо;

- жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды 

  өз убагында көрө билүү жана чечүү.

- кабыл алынган чечим боюнча жоопкерчиликти өзүнө алуу.

Көндүмдөрү:

- финансылык менеджмент жаатында;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгууда;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- башкаруучулук иши (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.

 

 

Конкурска катышуу учун төмөндөгү документтер керектелет:

  1. жеке арызы  
  2. резюме
  3. өмур баян
  4. кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы
  5. фото сүрөт  2 даана
  6. паспортунун же инсандыгын күбөлөндүрүчү башка документинин көчүрмөсү
  7. зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
  8. Диплому (нотариустан тастыктоо менен)

 

           Жарыя  газетага чыккан  күндөн тартып сынакка катышуучулар  10 жумушчу кундун ичинде кабыл алынат  керектүү документтерди Кызыл-кыштак айыл өкмөтүнүн имаратына  тапшырышат.

                                                                       

Дареги : Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү,  Жаны-Турмуш айылы, Э.Рахманов көчөсү    тел: 0(3222) 3 92 90

 

 

 

 

 

 

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-05-10 21:43:53
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00