Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Жетектөөчү адис - маалымат-технология алмашуу боюнча
Талаптар:

Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтү төмөндөгү бош муниципалдык административдик кызмат ордуна конкурс жарыялайт:

Жетектөөчү адис -  маалымат-технология алмашуу боюнча

 

  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку же болбосо орто кесиптик билим  (бардык тармактар боюнча).

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

-иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,”Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүүсү;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”);

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөрү:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

- командада иштөө.

Билгичтиги:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Талап  кылынуучу  документтер:

  1. Өздүк арыз
  2. Өздүк баракчасы - 1 даана
  3. 4х6 өлчөмүндөгү сүрөт – 2 даана
  4. эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)
  5. паспорттун көчүрмөсү
  6. резюме
  7. дипломдун көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)
  8. өмүр баян

 

Талапкерлер тиешелүү документтерди Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө жарыя чыккан күнүнөн  баштап 10 жумушчу күндүн  ичинде тапшырууңуздар зарыл.

Дареги: Өзгөн району Баш-Дөбө айыл өкмөтү, байланыш телефону:  0772   223047

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-05-12 20:01:28
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00