Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис
Талаптар:

Коюлган квалификациялык талаптар

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (ветеринария, айыл-чарба).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажысына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Ветеринария жөнүндө мыйзамын, КР Айыл чарбасы жөнүндө мыйзамын, КР Айыл чарбасын өнүктүрүү мыйзамын, КР Жайыттар жөнүндө мыйзамын, КР Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери:

  • Айыл өкмөттүн айыл чарба, ветеринария багытындагы иштерди алып баруу;
  • Айыл чарба, ветеринария багытындагы отчетторду даярдоо жана тиешелүү органдарга берүү;
  • Айыл чарба багытындагы жерлерди иштетүү иштери боюнча жарандарга көмөк көрсөтүү;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтер Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылы Кубатаалы көчөсү №63 дарегинде Көк-Жар айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 03537 6-00-73, 0702 61-21-11

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-06-06 17:00:00
Дата аягы: 2017-06-20 17:00:00