Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес
Бөлүм:
Кызмат орду: кирешелер боюнча башкы адис
Талаптар:

квалификациялык   талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (социалдык-гуманитардык, экономикалык, айыл-чарба, техникалык).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Салык кодексин, КР Бюджеттик кодексин,  КР “Бейсалымдык жыйымдар жөнүндө” Мыйзамы, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Документтер Ак-Талаа районунун Кадыраалы айылы Н.Кулназаров көчөсү №71 дарегинде Кызыл-Белес айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 03537 6-05-50, 0701 14-47-14

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-05-11 17:00:00
Дата аягы: 2017-05-24 17:00:00