Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: социалдык коргоо боюнча адис
Талаптар:

квалификациялык   талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (социалдык-гуманитардык, экономикалык, айыл-чарба, техникалык).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Үй-бүлөө кодексин, КР Балдар кодексин, КР “Мамлекеттик  жѳлѳк пулдар  жѳнүндѳ” Мыйзамын, КРӨнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №823-токтому менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобосун, КР “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Документтер Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылы Жумалиева көчөсү №34 дарегинде Ак-Тал айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 03537 6-00-76, 0777 70-85-13

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-05-11 17:00:00
Дата аягы: 2017-05-24 17:00:00