Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Эмгекчил айыл өкмөтүнүн аскердик-эсепке алуу столунун инспектору
Талаптар:

Эмгекчил  айыл өкмөтүнүн аскердик-эсепке алуу  столунун инспектору кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (социалдык-гуманитардык, экономикалык, айыл-чарба, техникалык).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР “Жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жана  альтернативдик кызматты өтөө жөнүндө” Мыйзамын,

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  чыккандан  баштап 10 жумушчу  кънг= чейин  Нарын  районунун  Эмгекчил   айыл =км=тънд=  кабыл  алынат. Дареги: Эмгекчил  айылы Чынгыш-Ажы  к=ч=съ  №42.  Сурап  билъъ  телефондору: (03522)  6-02-88

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-05-11 17:00:00
Дата аягы: 2017-05-24 17:00:00