Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын районунун Ак-Кудук айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: жер турак-жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис, мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча жетекөөчү адис
Талаптар:

Ак-Кудук  айыл өкмөтүнүн жер турак-жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (социалдык-гуманитардык, экономикалык, айыл-чарба, техникалык).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Жер кодексин, КР Турак-жай кодексин, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, КРӨнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы №733 токтому менен бекитилген КР өзгөчө кырдаалдардын класификациясын, КР “Жарандык  коргонуу  жѳнүндѳ” Мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Ак-Кудук  айыл өкмөтүнүн мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча жетекөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (ветеринария, айыл-чарба).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; КР “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарбасы жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарбасын өнүктүрүү” Мыйзамын, КР “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  чыккандан  баштап 10 жумушчу  кънг=   чейин  Нарын  районунун  Ак-Кудук   айыл =км=тънд=  кабыл  алынат. Дареги: 8-март  айылы Дербишалы уулу Сейитмамыт  к=ч=съ  №5.  Сурап  билъъ  телефондору: (03522)  6-03-71, 0702  08 73 05

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-05-11 17:00:00
Дата аягы: 2017-05-24 17:00:00