Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ноокен районунун Масы айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: башкы адис 1 орун
Талаптар:
  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- экономикалык багыттагы жогорку билим:

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетентүүлүгү;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жонундо",  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жонундо”, “Салык эмес толомдор жонундо” мыйзамдарын билуу;)

- жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “ Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама).

           Функционалдык милдеттери:

-жергиликтүү бюджеттин чыгымдоочу бөлүгүн түзүү боюнча айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык  бөлүмүнүн иштерин уюштурууга жана түздөн-түз жүргүзүүгө;

-жергиликтүү бюджеттин долбоорун  түзүү;

-жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларынын жазууларын бюджеттик класификацияга ылайык түзүү менен анын аткарылышын камсыз кылууга;

-бюджеттик каражаттардын чыгымдалышына мезгил мезгили менен талдоо жүргүзүүгө;

-айыл өкмөттүн иш- аракеттерине бюджеттик каржылоону жүргүзүүгө;

-материалдык жактан жооптуу кызаткерлеринен отчетторун оз убагында жана финансы министрлиги тарабынан бекитилген инструкцияларга ылайык тапшыруусун талап кылууга;

 

        Талап кылынуучу документтер:

- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу  боюнча  өздүк баракча, 3х4 өлчөмдөгү 2 даана сүрөт, паспорт көчүрмөсү, билими тууралуу документтин жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (нотариалдык түрдө же болбосо иштеген жеринен кадрлар менен иш алып баруу кызматкери тарабынан күбөлөндүргөн), өмүр баяны (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)

 

          Документтерди кабыл алуу жарыя массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин 10 (он) жумушчу күндүн  ичинде төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт.

 

Ноокен району Масы айылы К.Султанов көчөсү №112 тел:(03734) 5-04-19,  0777-72-15-79.

       Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге конкурс өткөрүлүүчү күндү  жана жайды кошумча билдирет.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00